Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Алексей ФилипповЖамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдар
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 28-октябрга чейин өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй жана Талас облустары

22-октябрь түнкүсүн жана 23-октябрь күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-октябрда күн ачылып, 26-октябрдан тарта кайрадан жаан жаашы мүмкүн. 28-октябрда күн ачык болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте 23-октябрда күндүз, 24-27-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош жана Жалал-Абад облустары

22-23-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Андан соң күн ачылып, бирок 27-октябрда күндүн көзү бузулат, эртеси жаан-чачын болбойт.

Баткен облусу

22-24-октябрь аралыгы жана 27-октябрда жаан жаашы күтүлүүдө, калган күндөрү күн ачык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Апта башы жаан-чачындуу болот. 25-26-октябрда жана 28-октябрда күн ачык болот.
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган аялдар көчөдө бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Катуу суук түшөбү? Ноябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0