Садыр Жапаровго ак илбирске “улуттук жаныбар” макамын ыйгаруу сунушталды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
Индия (бенгал жолборсу менен), АКШ (ак баш бүркүтү менен) жана Кытай (пандасы менен) улуттук жаныбардын экологиялык аң-сезимдүүлүктү өнүктүрүүдө жана эл аралык деңгээлде таанылууда маанилүүлүгүн эбак эле түшүнүшкөнү белгиленди.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго ак илбирске “Кыргызстандын улуттук жаныбары” статусун берүү сунушу айтылды.
Мындай демилгени айлана-чөйрөнү коргоо боюнча төрт уюм: Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа (GSLEP), Кыргызстандагы “Сноу Леопард Фаундэйшн” (Илбирсти сактоо фонду) коомдук фонду, “Илбирс Фонду” коомдук фонду жана "Германиянын табиятты коргоо союзу" коомдук уюму көтөрүп чыкты.
“Урматтуу Садыр Нургожоевич, ак илбирс Кыргызстандын табигый жана маданий мурасынын алмаштырылгыс символу, тоо экосистемаларынын саламаттыгынын жана туруктуу өнүгүүсүнүн көрсөткүчү. Ак илбирс байырлаган бийик тоо экосистемалары жаратылыштын орчундуу ресурсу болуп саналат. Ак илбирсти жана алардын назик жашоо чөйрөсүн сактоого багытталган, жамааттык иш-аракеттердин чукул арада зарылдыгын ырастоо менен биз сизден ак илбирске Кыргыз Республикасынын улуттук жаныбары расмий статусун берүүнү өтүнөбүз”, — деп айтылат кайрылууда.
Катта жаныбарга улуттук статус берүүгө беш негизги жүйө келтирилген:
Маданий мааниси: ак илбирстин Кыргызстан үчүн маданий жана тарыхый мааниси чоң. Илбирс фольклорубуздун жана салтыбыздын ажырагыс бөлүгү, тоолорубуздун күчү менен сырынын символу. Аны улуттук жаныбар деп жарыялоо менен биз мурасыбызды барктап, анын айланасында улутту бириктиребиз.
Экологиялык башкаруу: бул жырткычты коргоо көптөгөн башка түрлөрдүн жашоосун жана ландшафттардын туруктуулугун камсыздайт.
Туризм жана эл аралык таануу: Кыргызстан улуттук жаныбары бар өлкө катары дүйнө жүзүндөгү жапайы жаратылыш сүйүүчүлөрүн жана ышкыбоздорду тартуу үчүн күчтүү маркетинг куралына ээ болушу мүмкүн. Бул экологиялык туризмди өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасын чыңдоого жана айлана-чөйрөнү коргоого кызыкдар мамлекет катары имиджди бекемдөөгө жардам берет.
Жаратылышты коргоо: улуттук жаныбар статусу ак илбирстин Кыргызстан үчүн маанисин көрсөтүп, элди аны коргоого үндөйт. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдурууга, кошумча ресурстарды тартууга жардам берет.
Билим берүү жана тарбиялоо: макам билим берүү программаларын ишке ашырууга, өлкөнүн уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүнүн маанисин түшүнүүнү жана маалымдуулукту жогорулатууга жардам берет. Келечек муундарга жаратылышты коргоого активдүү катышууга жол ачат.
Ак илбирске көз салган киночулар. Океев менен Борбиевдин таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Ак илбирске көз салган киночулар. Океев менен Борбиевдин таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0