"Ак-Тилекке" 410 жүк ташуучу унаа топтолду. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын топтолушу
Ак-Тилек көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын топтолушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
УКМКнын Чек ара кызматы жүк ташуучу транспорттордун топтолушу сезондук көрүнүш экенин белгиледи.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда текшерүүдөн өтүү үчүн бекеттин алдында 410 жүк ташуучу унаа токтоп турат.
Өткөн суткада Кант цемент заводунун продукциясын ташыган жеңил жана оор жүк ташуучу машиналарды эске албаганда, 297 жүк ташуучу транспорт аталган бекеттен өткөн.
УКМКнын Чек ара кызматы жүк ташуучу транспорттордун топтолушу сезондук көрүнүш экенин белгиледи. Адатта күз айларында айыл чарба продукцияларынын экспорту жогорулайт.
Ведомство Кыргызстан менен Казакстандын чек арачылары жүк ташуучуларга чектөө киргизбегенин кабарлады. Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен кармалгандар 13 жылга камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0