Ошто аялын бычактап соттолгон киши. Келиндин жакындары өкүмгө нааразы

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда бычак кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт
Колунда бычак кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
34 жаштагы киши мурдагы аялынын үйүнө келип аны балдарынын көзүнчө бир нече ирет бычак сайганы айтылды.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда аялын бир нече ирет бычактаган кишиге карата чыккан соттун өкүмүнө жабырлануучунун туугандары нааразы болуп, коомчулуктан жардам сурашууда.
Жабыркаган аялдын сиңдисинин айтымында, ушул жылдын май айында Кара-Суу районунда 34 жаштагы киши мурдагы аялынын үйүнө келип, ага бир нече ирет бычак сайган.
"Эжем менен жездемдин ажырашканына үч жылдай болду, ортосунда төрт баласы бар. Бирок үч жылдан бери эжебиздин тынчын алып, аны өлтүрүш үчүн балдарынын көзүнчө уктап жаткан жеринен 10 жолу бычак сайып кеткен. Өз убагында тез жардам келип эжем аман калган", — деп жазган келиндин сиңдиси.
Ош ОИИБдин маалымат кызматы аталган окуя милициянын электрондук журналына катталганын тастыктап, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Жыйынтыгында 34 жаштагы К.А. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү") менен 122-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.
Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдиргендей, бул иш боюнча Кара-Суу райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгү, 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ("Аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү") күнөөлүү деп таап, эки жыл үч айга эркиндигинен ажыраткан.
Мындан тышкары, жабырлануучунун пайдасына 109 661 сом материалдык зыян жана 100 000 сом өндүрүү милдеттендирилген.
Жабыркаган аялдын жактоочусу Немат Катаганов Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя боюнча маалымат берип, шектүү өзүнө да кол салууга аракет кылганын айтты.
"Бул киши өзүнө да кол салып, бычак сайган. Тергөө органдары Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү"), 122-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко жиберилген. Соттун жыйынтыгы менен бул берене 123-беренеге ("Аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү") өзгөртүлгөн. Бирок аффект болгон фактылар аныкталган эмес. Бул атайын эле жасалган иш деп ойлойбуз. Сот учурунда шектүү эч нерсе билбейм деп койгон. Ал жалган", — деген жактоочу.
Катаганов азыркы тапта жабыркаган келин мурдагы күйөөсү абактан чыкса өлтүрүп коёбу деп коркуп жүргөнүн белгиледи.
Жолук салынган аял. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Кулак-мурду кесилип кордолгон келин ооруканадан чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0