Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

25-26-октябрда Бишкек менен Сокулуктагы бардык билим берүү жайлары онлайн окушат

© AFP / JULIETTE JOCARDОкуучу кыз онлайн окуу учурунда. Архив
Окуучу кыз онлайн окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
Бул күндөрү бала бакчалар да иштебей турганы маалым болду.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулук районундагы билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Бул күндөрү Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Ага катышуу үчүн ШКУ жана КМШ өкмөт башчылары, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери, Монголиянын премьер-министринин келиши күтүлүүдө.
Ал учурда бала бакчалар да иштебей турганы маалым болду.
Бишкекте жол тоскон милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
25-27-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрү жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0