Президенттин администрациясы цирк качан оңдолуп бүтөрүн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Мамлекеттик цирктин имараты
Бишкектеги Мамлекеттик цирктин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
Июлда президент Садыр Жапаров циркти толугу менен оңдоо тапшырмасын берген.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти оңдоо иштери үч-төрт айдан кийин бүтүп, колдонууга берилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Ала-Тоо 24" телеканалына билдирген.
"Циркте демонтаж иштери бүттү. Үч-төрт айдан кийин имарат жаңыланып, колдонууга берилип калат", — деген Туманбаев.
Эске салсак, ушул жылдын июль айында президент Садыр Жапаров циркти оңдоо иштери башталганын билдирип, имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаты бөлүнөрүн айткан.
Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0