Кыргызстанда "Кант" авиабазасы кандайча иштей баштаган? Видеоинфографика

Жазылуу
2002-жылдын 27-декабрында "Дордой" базарында жарылуу болуп, ал Кыргызстандын тарыхындагы эң коркунучтуу терактылардын бири аталып калган. Тогуз адам көз жумуп, 50дөй киши жаракат алган.
Бул учур Кыргызстан үчүн оңой болгон эмес. Себеби бир аз мурдараак эле Баткен облусуна террорчулардын тобу кирип, Кыргызстандан топ адам туткунга алынган.
Мурдагы СССР мамлекеттери террорчулардын коркунучтарына жалгыздан туруштук бере алган эмес. Душмандын мизин кайтаруу үчүн биригүүгө туура келген.
Кыргызстан менен Россия ЖККУнун авиациялык түзүмү боюнча келишимге кол коюп, жыйынтыгында Кант шаарында 2003-жылдын 23-октябрында "Кант" авиабазасы пайда болгон.
Аскердик базалар өлкө коопсуздугун гана камсыз кылбастан, балдар үйлөрү, ардагерлерге жардам берип, Кыргызстандагы ооруканаларга кан берип, керек болсо өрт учурунда да жардамга келип жүрүшөт.
Тема боюнча:
Акаев менен Путин ачкан Канттагы авиабаза. 20 жыл мурунку тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0