Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дарыгер: күз-кыш мезгилинде режимди сактап, уйкуга убакыт бөлүү зарыл

© Sputnik / Асель Сыдыкова№10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун усулдук уюштуруу иштери боюнча орун басары Надира Амантаева
№10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун усулдук уюштуруу иштери боюнча орун басары Надира Амантаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
№10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун усулдук уюштуруу иштери боюнча орун басары Надира Амантаева ооруп калбаш үчүн аба ырайына жараша табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү керектигин айтты.
Жай мезгилинен күз мезгилине, мындайча айтканда, ысыктан салкын аба ырайына өткөндө адамдын организми стресске кабылып, адаптация процесси башталат. Айрым адамдардын бул учурда иммунитети түшүп кетиши ыктымал. Бул тууралуу Надира Амантаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Дарыгер: күз-кыш мезгилинде режимди сактап, уйкуга убакыт бөлүү зарыл
Анын айтымында, ооруп калбаш үчүн аба ырайына жараша табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү керек.
"Мезгилдин өзгөрүшүнө байланыштуу адамдын тамактануусу да алмашат. Жайында жеген жеңил тамактар күзүндө организмди активдүү жашоого керектүү энергия менен камсыз кыла албай калат. Күн кыскарып, D витамини азаят. Мунун баары организмдин коргоочу функцияларын азайтып, кээ бир органдардын иштешин начарлатат. Чарчоо, баш оору байкалып, адам кыжырданат. Андыктан күз-кыш мезгилинде режимди сактап, уйкуга убакыт бөлүү зарыл. Ошондой эле тең салмактуу тамактануу керек. Анын курамында белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер жана минералдар болушу абзел. Алдыдагы кышка күзүндө витаминдерди камдоо, күнүмдүк рационго жашылча-жемиштерди мүмкүн болушунча кошуу маанилүү (өзгөчө балдар жана карылар). Ошондой эле чөптөрдөн жана мөмө-жемиштерден жасалган чай ичип, организмди С витамини менен табигый түрдө камсыз кылуу керек", — деди Амантаева.
Ал спорт менен машыгуу, өнөкөт оорулары барлар дарыгерлерге кайрылып алдын алуу чараларын көрүү организмди көп илдеттерден сактай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0