Акаев менен Путин ачкан Канттагы авиабаза. 20 жыл мурунку тарыхый видео

Жазылуу
Мындан 20 жыл мурун 23-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун авиациялык базасы ачылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол тарыхый окуянын архивдик видеосун таап чыкты.
Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу кызматташуусунун негизинде ачылган аскер бөлүгүнө россиялык жоокерлер курал-жарак, техника, учактары менен келип жайгашкан. Аларды жергиликтүү тургундар кучак жайып тосуп алган. Салтанаттуу иш-чарага президенттер Аскар Акаев менен Владимир Путин катышкан эле.
Аскар Акаев россиялык авиабазанын маанилүүлүгүн баса белгилеген.
"Кремлде 22-сентябрда россиялык авиациялык базаны Кантта жайгаштыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Мына, бир ай өткөн соң биз ушул жерде турабыз, биздин сөздөр ишибизге дал келет. Буга чейин ушундай болгон, кийин да ошондой болот. Бүгүндөн баштап Ала-Тоо жергесинин бул бөлүгү жаңы багытта иштей баштайт. Кант авиабазасы аймактык коопсуздук системасынын ажырагыс бир бөлүгүнө айланат. Кыргыз эли россиялык жоокерлерге адаттагыдай меймандостугун көрсөтөт. Мен да аларга Кыргызстанга кош келдиңиздер дейм", — деген Акаев.
Ал эми Владимир Путин жоокерлерди кыраакы болууга чакырган.
"Мен россиялык аскер кызматкерлерине кайрылгым келет, ушундай жылуу мамилени баалай билгиле. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундарга өтүнүчүм бар. База сиздердин, биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн жайгаштырылып жатат. Кыраакы, сак болуңуздар, душмандарыбыздын көңүлү биз тарапка өзгөчө бурулуп турат", — деген РФ лидери.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында өз ишин баштаган авиациялык база 20 жылдан бери аймактык коопсуздукту абадан ийгиликтүү коргоп келет. Бул убакыт аралыгында россиялык жана кыргызстандык аскер жетекчилери ар тараптан кызматташып, биргеликте тиешелүү аракеттерди көрүүдө.
Тема боюнча:
Кинодогудай кадрлар! Балыкчыдагы "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан видео
59 жыл мурдагы "Восход-1" кемесинин туңгуч сапары. Видео
Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0