УКМК Свердлов районунун кармалган судьясы параны кантип алганын айтты

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов параны алган учуру
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов параны алган учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
Судья менен кошо адвокат да камакка алынган.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы буга чейин кармалган Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов параны кандай жол менен алганын түшүндүрдү.
Эске салсак, Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов пара алды деген шек менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына 17-декабрга чейин камакка алынган.
"Адимов ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратпоо боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн акча талап кылган. Ал параны жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу алган", — деп жазылат кабарда.
Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Акылбек Адимов менен катар Ы.К.М. аттуу жактоочу да камалганы белгилүү болду.
Кылмышка шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
2000 доллар пара алды деп шектелген Ленин райсотунун судьясы камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0