Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Саркисян: Кыргызстан жеңил өнөр жай боюнча ЕАЭБде алдыңкы орунда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТигүү цехинде иштеп жаткан аялдар. Архивдик сүрөт
Тигүү цехинде иштеп жаткан аялдар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Саркисян BEE-online.ru платформасы Кыргызстандын жеңил өнөр жайчыларына өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканына токтолгон.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан — жеңил өнөр жай тармагында ЕАЭБде рекорд койгон өлкө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян билдирди.
Ал "ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун долбоорлору ЕАЭБдин интеграцияланышына кандайча жардам берүүдө" аттуу видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
Брифингдин катышуучулары BEE-online.ru платформасына да токтолушкан. Бул — жеңил өнөр жай тармагында фабрикаларды буйрутма бере турган адамдар менен байланыштырчу эл аралык санарип сервиси.
"Жеңил өнөр жай тармагындагы ишканалардын саны боюнча Кыргызстан ЕАЭБдеги башка мамлекеттерден ашат. Ооба, саны боюнча Россиядан кийин турат, бирок киши башына эсептей келгенде силер рекорд койгон өлкө болуп эсептелесиңер", — деген Саркисян.
Ал BEE-online.ru платформасы Кыргызстандын жеңил өнөр жайчыларына өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканына токтолгон. Анын арты менен миңдеген чакан жана орто ишканалар өндүрүмдүүлүгүн жогорулата алышат.
Легпром жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы юридикалык жактар бирикмесинин президенти Сапар Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Радио
ЕАЭБ рыногуна чыкккандан кийин Кыргызстандын тигүү тармагы тез өнүктү
Жаңылыктар түрмөгү
0