Бишкек менен Пекинде эки өлкөнүн маданий борборлору ачылат. Документке кол коюлду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСпектакль учурунда улуттук кийимчен кытайлык труппа. Архив
Спектакль учурунда улуттук кийимчен кытайлык труппа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Макулдашуу эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрү ортосундагы маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган макулдашууга 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында кол коюлган.
Документтин негизинде Пекинде кыргыз маданий борбору, Бишкекте кытай маданий борбору түзүлмөкчү. Макулдашуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.
Буга чейин Бишкектеги Маданий борборду кытай өкмөтү өзү каржылай турганы, ал 26-октябрга чейин ачылары айтылган.
Научная экспедиция Минкультуры КР в турецкую провинцию Ван - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Мамкызматта иштеген Ван кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция
Жаңылыктар түрмөгү
0