Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Батракеева: ЖРТга каттоо 27-октябрда аяктайт

© Sputnik / Асел АкматБилимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 17-октябрдан тарта ЖРТга каттоо башталгандыгын айтты.
Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрда аяктайт. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Батракеева: ЖРТга каттоо 27-октябрда аяктайт
Анын айтымында, каттоо онлайн-режимде өтөт.
"Кыш мезгилинде ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү ЖРТга колунда документи болгон гана абитуриенттер катыша алат. Быйыл 11-класста окуп жаткандар кире албайт. Алар 2024-жылы май айында боло турган тестирлөөдөн өтөт. Кышында окууга тапшырам дегендер үчүн 27-октябрь — ЖРТга катталуунун акыркы күнү. Каттоо онлайн-режимде өтөт. Ал эми жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлгөн кышкы ЖРТнын өзү 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген. Катталып жаткан кезде аты-жөнү толук, туура жазылып, сапаттуу сүрөттөрдүн жүктөлүшү талап кылынат", — деди Батракеева.
Ал ЖРТнын суроолору буга чейинки тестирлөөдөн өзгөчө боло тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0