Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тилепбергенова: "Белек" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Венецияда өттү

© Sputnik / Асел АкматСценарист-режиссер Дальмира Тилепбергенова
Сценарист-режиссер Дальмира Тилепбергенова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Сценарист-режиссер Дальмира Тилепбергенова кино иш-чаралары Венецияда өзгөчө уюштурулуп келерин айтты.
"Белек" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Венецияда өткөндүгүн Дальмира Тилепбергенова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Тилепбергенова: "Белек" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Венецияда өттү
Анын айтымында, аталган фильмдин улуттук премьерасы 29-октябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында болмокчу.
"Тарыхта эң биринчи кинофестиваль Венецияда өткөн деп айтылып келет. Буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө өткөн кино иш-чараларга катышкам, бирок Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда чындыгында өзгөчө атмосфера болду. Эгемендүүлүк алгандан бери ал жакта Кыргызстандан биринчи болуп биздин "Белек" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы өттү. Ага чейин Андрей Кончаловский тарткан "Биринчи мугалим" киносу коюлган экен. Бул иш-чара биздин тасмага даңгыр жол ачып берди. Негизи Кыргызстандан жаңы чыккан тасмалардан беш фильм жиберилген. "Белек" тасмасы жаңы картина болгондуктан тандалып алынды деп ойлойм. Анткени беш тасманын баары тең мыкты болчу. Эми улуттук премьера 29-октябрда саат 19:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт", — деди Тилепбергенова.
Ал улуттук премьерага кино ааламынын көрүнүктүү инсандары, блогерлер, ишкерлер жана журналисттер чакырылгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0