80 жыл мурун Кызыл армия Днепропетровскини фашисттерден бошоткон. Видео

Жазылуу
600 миң киши жашаган шаарда болгону 2-3 миңдей тургун калган эле.
Мындан туура 80 жыл мурун, тагыраагы, 1943-жылдын 25-октябрында Кызыл армия Украинанын Днепропетровск шаарын фашисттик оккупанттардан бошоткон. Бул Днепр үчүн күрөштүн акыркы этаптарынан эле.
Калааны басып алган гитлерчилерге каршы чабуул 23-октябрда башталып, 3-украин фронтунун аскерлери алардын коргонуу чегин биротоло жарып өтүшкөн. Дароо эле Днепрдин оң жээгине туурасы 400 чакырым, тереңдиги 100 чакырымга жеткен плацдарм түшкөн.
Бул кийин дарыянын жээгинде жайгашкан өлкө аймагын бошотуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берген эле.
Тема боюнча:
79 жыл мурда ушул күнү Таллинди советтик жоокерлер фашисттерден куткарган
Жаңылыктар түрмөгү
0