Херш Израилдин Газадагы ХАМАСтын тоннелдерин сууга каптатуу планы тууралуу айтты

© AFP / MAHMUD HAMSПалестиналык фракциянын мүчөсү Газа секторундагы туннелден өтүп баратат. Архив
Палестиналык фракциянын мүчөсү Газа секторундагы туннелден өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 5000ден ашып, 15 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде 1300дөн ашуун адам көз жумду.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Израиль бийлиги Газага аскерин жөнөтүүдөн мурун ХАМАСка тиешелүү тоннелдердин "ири системасын" сууга каптатууну карап жатат. Бул тууралуу РИА Новости америкалык чиновникке таянып журналист Сеймур Херш айтканын РИА Новости жазды.
Херш өз макаласында мындай кадам Израилдин туткундагыларды эсептен чыгарып койгонун түшүндүрүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Израиль — Палестина жаңжалы

7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 5000ден ашканы айтылды, 15 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде, жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам көз жумду. Ушу тапта ХАМАС туткунунда 150өй израилдик бар. Кыймыл өкүлдөрү 200-250 адамды туткундап турганын айтышууда.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.

Чоо-жайы

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилдик армиянын аскерлери Сдерот шаарын патрулдап жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
ЖМК: АКШ менен Израилде ЦАХАЛ "мүмкүнчүлүгүнүн чегинде" экени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0