Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди

© Фото / Дирекция природного парка "Каракол"Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди
Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Ага эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду. Бул тууралуу парктын дирекциясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган. Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан. Белгилер туристтер жүрчү негизги жолдорго кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылып илинген.
© Фото / Дирекция природного парка "Каракол"

Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду

Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду - Sputnik Кыргызстан
1/3

Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду

© Фото / Дирекция природного парка "Каракол"

Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган

Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/3

Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган

© Фото / Дирекция природного парка "Каракол"

Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан

Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан - Sputnik Кыргызстан
3/3

Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан

1/3

Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду

2/3

Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган

3/3

Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан

Эскертүүчү белгилерде таш кулай турган, тик түшкөн жана кооптуу бурулуш жолдор бар экендиги камтылган. Ошондой эле парктын бардык аймагында ал жерде байырлаган жапайы жаныбарлар, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр тууралуу маалымат жазылган такталар илинген. Мындан тышкары, мал жаюуга тыюу салган, эс алуу жайы тууралуу белгилер, айланып өтүүчү жайлар жөнүндө такталар да бар.
Парк дирекциясы жөө жана атчандар үчүн жолдор, унаа жолдору жаңыланып жатканын кошумчалады.
Маалымат үчүн: 1997-жылы бул ажайып жер "жаратылышы өзгөчө корголгон аймак" макамын алган. 38 миң гектар жерди ээлеген паркта түрдүү дарактар, чөптөр жана гүлдөр өсөт. Ошондой эле сейрек кездешүүчү канаттуулар жана жаныбарлар байырлайт. Жыл сайын паркка 50 миңден ашуун турист келет. Ушул жылдын тогуз айында 52 миңден ашуун адам келип эс алган.
Ала-Арча улуттук паркында күз мезгили  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Көркүнө чыккан алтын түстүү Ала-Арча. Көз талдырган 13 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0