Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Шойгу: Россия Украинанын 24 учагын беш күндө атып түшүргөн техниканы колдонууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТуштук багытта "Оса" зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Туштук багытта Оса зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрү колдонгон M777 артиллериялык системаларынын талкаланышы тууралуу айтып беришкен.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын 24 учагын беш күн ичинде атып түшүргөн зениттик ракета комплекстерин пайдалана баштады. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу атайын аскердик операция аймагында "Восток" тобунун аскер кызматкерлери менен сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Коргоо министрлиги билдиргендей, Шойгу аскерлердин көңүлүн акыркы жумада атып түшүрүлгөн Киевдин аскердик учактарына бурган.
"24 учакты беш күндө жок кылган комплекстер пайда болду", — деген Шойгу.
Баарлашуу учурунда россиялык аскерлер Украинанын куралдуу күчтөрү колдонгон M777 артиллериялык системаларынын талкаланышы тууралуу айтып беришкен. Алар каршы тараптын артиллериясы көйгөй жаратканы менен тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашкан.
Украин аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үч-төрт жума калды. Украина боюнча ЦРУнун мурдагы аналитигинин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0