КМШ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
26-27-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны өтөт. Ушул эле күндөрү ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны пландаштырылган. 2023-жылы Кыргызстан Шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылат.

ЕАӨБ: 2028-2029-жылдары Борбор Азия суунун туруктуу таңсыктыгына туш болот

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБахчисарай суу сактагычы
Бахчисарай суу сактагычы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Көйгөйдү чечүүгө дагы беш жылдай убакыт бар. Эгер чара көрүлбөсө аягы кесепеттүү болот.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 2028-2029-жылдары Борбор Азия суунун туруктуу таңсыктыгына туш болот. Мындай божомолду КМШ премьерлеринин Бишкектеги жыйынында Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов берди.
Ал Борбор Азиядагы сууну үнөмдөө жана эффективдүү ирригацияга арналган презентациясын сунуштаган.
Анын айтымында, Сыр дарыя менен Аму дарыясынын агымы 116 куб метрди түзөт, бирок ал барган сайын азайып, азык-түлүк коопсуздугу менен айыл чарбасы үчүн ири тобокелчиликтерди шарттоодо. Демек, маселе натыйжалуу ирригация жана суу ресурстарын башкарууда. Подгузов региондун ирригация системасы жедеп эскирип бүткөнүн эске салды.
Ал Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы Афганстандагы “Кош-Тепа” каналынын курулушу менен курчуйт деген пикирде. Канал 2028-жылы ишке берилет.
"Көйгөй жалпы регионго тиешелүү. Тилекке каршы, суу ресурсунун тартыштыгы Арал деңизинин бассейниндеги мамлекеттерди кыйгап өтпөйт, эч ким четте калбайт. Биздин божомолубузда 2028-2029-жылдары Борбор Азия суунун туруктуу таңсыктыгына туш болот. Көлөмү жылына 5тен 12 куб метрге чейин жетет. Суу жыл кандай болгонуна карабай тартыш болот", — деди Подгузов.
Анын айтымында, көйгөйдү чечүүгө дагы беш жылдай убакыт бар. Эгер аракет көрүлбөсө регион азык-түлүк, суу, электр энергиясынын жетишсиздигине дуушар болот.
Подгузов көйгөйдү чечүүнүн бир катар жолун сунуштады, мында Борбор Азия мамлекеттеринин экономикалык саясатында ирригациялык системаларды модернизациялоо жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү артыкчылыктуу багыт болушу керектиги айтылды.
Графиктин фонунда рубль монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: КМШнын экономикасы кыйрайт дегендердин тилеги таш капты
Жаңылыктар түрмөгү
0