КМШ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
26-27-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны өтөт. Ушул эле күндөрү ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны пландаштырылган. 2023-жылы Кыргызстан Шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылат.

Логистика, соода хабдары, суу. Жапаровдун КМШ премьерлеринин саммитиндеги сөзү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ премьер-министрлеринин кеңири форматтагы жыйынында
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ премьер-министрлеринин кеңири форматтагы жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Кеңешме "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбор Азиянын суу ресурстарынын дээрлик жарымы Кыргызстандын аймагында түзүлөт, биз суу менен камсыздоо маселесинде өзүбүздүн жогорку жоопкерчиликти түшүнөбүз. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ премьер-министрлеринин кеңири форматтагы жыйынында сүйлөп жатып логистика, транспорт, суу ресурстары маселесине токтолду.
Өкмөт башчы интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү Кыргыз Республикасы менен КМШга мүчө башка мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын өсүшүнө алып келгендигин белгиледи.
"КМШга мүчө саналган, дүйнөлүк океанга чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрү трансконтиненталдык транспорттук коридорлордун чегинде жайгашып, Европага, Перс булуңуна, Индия жана Тынч океандарына кыйыр жолго ээ болуу менен кеңири транспорттук-коммуникациялык тармактарга ээ. Бул алардын регионалдык соода хабына айлануу жана КМШга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Бул максатка жетүү үчүн эл аралык автомобиль жана темир жолдорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзит үчүн инфраструктураны модернизациялоо маанилүү. Буга байланыштуу аймакта соода жана бажы процедураларын санариптештирүү жаатында көп иштерди аткаруу зарыл. Бул трансформациялардын бардыгы дүйнөлүк стандарттар менен үндөш болушу шарт”, — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн региондун өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине бурган.
"Региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы биздин өлкөнүн аймагында түзүлөрүн эске алуу менен биз суу менен камсыздоо маселесинде өзүбүздүн жогорку жоопкерчиликти түшүнөбүз. Бул багытта суу ресурстары топтолуп жаткан аймакка климаттын терс таасирин, ошондой эле аймактын өлкөлөрүнүн суу инфраструктурасынын начарлашын эске алуу менен биз ирригация, энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндө суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган чараларды көрүүнү жана тиешелүү долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу үчүн умтулабыз. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштайт жана илгерилетет", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Белгилей кетсек, КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин биргелешкен жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
РФ премьери: Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берет
Жаңылыктар түрмөгү
0