КМШ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
26-27-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны өтөт. Ушул эле күндөрү ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны пландаштырылган. 2023-жылы Кыргызстан Шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылат.

КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынтыктоочу саммитинин видеосу

Жазылуу
Бишкекте КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын биргелешкен жыйыны өттү. Катышуучулар бул эки уюм кызматташуунун эффективдүү форматы экенин айтышты.
Отурумда энергетика, финансы, өнөр жай жана башка тармактар боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды. Премьер-министрлер Кыргызстанга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
КМШ саммитинин жыйынтыгында 20 документке кол коюлду, ал эми ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда 26 документ каралды.
КМШнын премьерлери кийинки жылдын май айында Түркмөнстанда чогулат. Ал эми ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кийинки жыйыны Казакстанда өтөт.
Тема боюнча:
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0