Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкектеги ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммитинин жыйынтыгы тууралуу маалымат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина. Архив
Евразия экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Маанилүү документтердин бирин декабрда бекитишет.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынында 30 маселе каралды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина видеокөпүрөдө билдирди.
Анын айтымында, көп маселелер тигил же бул тармактарда интеграцияны тереңдетүүгө багытталып, глобалдык жана стратегиялык мүнөздө болду.
"Келечекке оптимизм менен карасак болот, биздин жарандарга жана ишканаларга айта турган алгылыктуу иштерибиз бар", — деди ал.
Малкина маанилүү документтердин бири азыр бекитилбегенин, декларациянын акыркы долбоору декабрда өтө турган мамлекет башчылардын саммитинде сунушталарын билдирди.
"Өкмөт башчылары тарабынан жактырылган маанилүү багыттар боюнча ишенимдүү түрдө айта алабыз. Бул, албетте, жалпы рынокту негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоо, кооперациялык өз ара иштешүүнүн жалпы мейкиндигин түзүү, транспорттук-логистикалык мейкиндикти, финансы рыногун жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү", — деди Малкина.
Аны менен катар ЕЭКтин өкүлү жыйынтыктоочу декларацияны президенттер кабыл аларына ишеним артты.
Кандай чечимдер кабыл алынды:
электр энергияны өз ара соодалашуу эрежеси, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү тартиби. Бул электр энергиясынын союзунун иштешин илгерилетүүгө жасалган кезектеги кадам;
өнөр жай тармагында кооперациялык долбоорлорду тандоо жөнүндө жобо бекитилди;
Малкина бир катар багыттар боюнча маанилүү докладдар көрсөтүлгөнүн белгиледи. Мисалга, 2022-жылы газ жана мунайдын жалпы рыногун түзүү тууралуу айтты. Ал тармактын учурдагы жана келечектеги позициясы тууралуу маалымат берилди;
Интеграциялык маалыматтык система талкууланды. Малкина ЕАЭБде жалпы процесстер максималдуу түрдө иштеп жатканын айтып, кийин ага мамлекеттик органдар, бизнес чөйрөсү да кошулуп бардык укуктук документтер санариптик негизде берилерин кошумчалады. Бул кагаз жүгүртүүнү азайтуу үчүн киргизилүүдө.
ЕАЭБ премьер-министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда 26 документке кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0