Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

РФ премьери ШКУ өлкөлөрүн энергетикадагы кызматташууну бекемдөөгө чакырды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЯлтадагы жогорку вольттуу линиялар. Архив
Ялтадагы жогорку вольттуу линиялар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Мишустин алдыңкы технологияларды биргелешип ишке киргизип, ишкана, жарандарды энергоресурстар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьер-министрлеринин саммитинде отун-энергетика тармагындагы кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.
"Өзгөчө азыр энергоресурска болгон баа туруксуз болуп жаткан шартта отун-энергетика тармагындагы кызматташууну бекемдөө зарыл", — деген РФ премьери.
Анын айтымында, Казакстан он жылдыктын аягына чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясына болгон өз көз карашын сунуштады.
Мишустин документ заманбап тенденцияны эске алып, мунай-газ секторунда, көмүр өнөр жайында, электр, гидро жана атомдук энергетикада, кайра жаралуучу жана альтернативдүү булактарда, жалпы эле энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууда практикалык кызматташууга көмөктөшүүсү керектигин белгилеген.
"Алдыңкы технологияларды биргелешип ишке киргизип, ишкана жана жарандарды энергоресурстар менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз зарыл", — деген Мишустин.
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин Россия кайсы маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0