УКМК: Ысык-Көлдө жайгашкан Көлбаевдин көзөмөлүндөгү завод мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЦемент заводу. Архивдик сүрөт
Цемент заводу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Көлбаев жеке компаниялар жана бирөөгө каттатуу жолу аркылуу өндүрүш ишканасынын ишин көзөмөлдөп турган.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Күрмөнтү" цемент заводунун 93,17 пайыз акциясы мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, кримтөбөл Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) жеке компаниялар жана бирөөгө каттатуу жолу аркылуу өндүрүш ишканасынын ишин көзөмөлдөп турган.
"Ишкананы төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында Асанбектин адамдары өндүрүштүк ишкананы банкрот кылуу үчүн жасалма шарттарды түзүшкөн. Заводдун 93,17 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү. Калган 6,83 пайызы ишкананын жумушчуларына таандык", — деди УКМКдан.
"Күрмөнтү" цемент заводу Ысык-Көл облусундагы Ак-Булак айылында жайгашкан. Ишкана 1954-жылы курулуп, жогорку маркадагы цемент өндүрүүгө адистешкен.
Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкысы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Камчы Көлбаевдин дагы 7 асыл тукум жылкысы табылды. 15 аргымак аукционго коюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0