"Байдендин айткандары жөндүү": Москва менен Вашингтондун ою бир жерден чыгып...

© AP Photo / Susan WalshАКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
"Байден мырзанын айткандарына толук кошулабыз. Анын пикирлерин кубаттаган учурубуз өтө сейрек эмеспи", — деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Соңку жылдары биз чындап эле Кремль менен Ак үйдүн бири-биринин сөзүн кубаттаганы чанда. Ошондой бир учурдун мезгили келди! Буга шайлоодогу донорлорго арналган сөзү себеп болгонун боолголойт Владимир Корнилов. Серепчинин ушундай кептин тегерегиндеги кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.
Акыры АКШ президенти: "Бизге жаңы дүйнө түзүмү керек", — деди. Акыркы жылдары Батыш Россия менен Кытайды дал ушул – "азыркы дүйнө тартибин өзгөртүүгө" тырышканы үчүн айыптап келбеди беле! Россияга каршы санкциялардын баары ушул үчүн салынбады беле?
Европа биримдигинин тышкы саясий мекеме башчысы Жозеп Боррель өткөн жылы эле ушундай чаралар аркылуу дүйнөлүк тартипти Россиянын ниеттеринен коргой турганын айткан эле. Былтыр көктөмдө АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги бүтүндөй сөзүн Экинчи дүйнөлүк согуштан соң түптөлгөн дал ошол тартипти сактап калууга арнаган. "Биздин максат — ушул түзүмдү коргоп, колдоп, тирдентип алуу", — деп салтанаттуу түрдө билдирген.
USA Today гезити өткөн жылдын мартында: Байден чындап эле "жаңы дүйнө тартиби" туурасында сөз кылганын жазган. Бирок анда америкалык лидер россиялык-украиналык жаңжалдын натыйжасындагы эл аралык өзгөрүүлөрдү сүрөттөгөн. Бир жарым ай мурун аталган басылма ошол өңдүү эле жүйөлөрдү кайталаган. Эми Байден өз пландарын ачык эле жар салып отурат.
Аксакалдын жашынан улам ага сөзүн жазып бергендерди тыңдоо абзел. Мисалы, бул учурда Блинкендин программалык сөзүнө кайрылган оң. Анда "жаңы доордогу америкалык дипломатия" жөнүндө айтылат. Ошону менен бирге эле кансыз согуштан кийинки дүйнөлүк түзүмдүн аяктаганы туурасында сөз болгон. Эми Байден өз администрациясынын расмий багытын тастыктап отурат.
Либералдык маалымат каражаттары жана саясатчылар дароо бул ойду илип алышты. Биринчилерден болуп мындай демилгени колго алган Британиянын экс-премьери Борис Жонсонду атоого болот. Анын макаласынын бул аталышы эле бир тайлык. "Байдендики туура. Америка — Жердин эркиндик жана демократияга карата коркунучтун уланышына каршы туруштук берген соңку үмүтү" деген макаласынан кийин Жонсон мырза өз өлкөсү дүйнөлүк гегемондун ролун мындан ары аткара албай турганын, ошондуктан бул орунду Кошмо Штаттарга бошотконун туюндурат. "Лидер азыркы талапкерлер (Кытай жана Индия) эмес, АКШ болушун туура көрөм. Америка Кошмо Штаттарынын президенти өз лидерлиги туурасындагы билдирүүсүн тыңдоо жагымдуу болду. Келиңиздер, туура команданын жеңишине көмөктөшөлү", — дейт ал.
Бирок дал ушул жерде РФ Вашингтондун ойлоруна кошулбай турганын айтат Дмитрий Песков. Россиялык жетекчилик көп уюлдуу дүйнөнүн курулушуна жетүүнү көздөйт. Кытай тарап муну толук түшүнөт. Себеби мурдагы эски дүйнө эч кимге ылайыксыз болуп калган! Вашингтон Россияны дүйнөлүк түзүмдү өзгөртүүгө аракет кылганы үчүн айыптоо менен ошол эле учурда дал ушуну талап кылууда. Россиялык парламентарий Алексей Пушков белгилегендей, "АКШ эски тартипти болгон күчү менен сактап калууга тырышып жатканы үчүн жаңы дүйнөнү башкара албайт".
Вашингтон эски түзүмгө жармашып, Россия менен Кытайды аны бузууга ниеттенгени үчүн айыптап отуруп, эми гана эскини кармай албай турганын аңдады көрүнөт. Анткен менен Байдендин командасы Генри Киссинжердин эскертүүсүнүн түпкү маанисин түшүнө албаптыр. Саясий гений, кезегинде АКШ мамлекеттик катчысы айтмакчы, "эч бир өлкө жалгыз башы менен жаңы дүйнөнү түптөй албайт".
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Путин Байдендин Россияны басып коюуну кыялданган сөзүнө жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0