Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖалал-Абад шаарындагы борбордук проспекти акын Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылган
Жалал-Абад шаарындагы борбордук проспекти акын Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Буга байланыштуу 30-октябрь күнү саат 14:00дө Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акындын китептеринин көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференция өтөт. Ал эми 31-октябрда саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында акындын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленет.
Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Ал кыргыздардын мекенчилдик сезимин ойготкон, экинчи гимнге айланган "Кыргыз жери" ырынын сөзүн жазган.
Түмөнбай Байзаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Түмөнбай Байзаковдун өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0