Балдарды уруп, оозун скотчтоп... Жалал-Абаддагы тарбиячылардын жоругу

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы балдар. Архив
Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, ата-энелер шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылганы менен ал жактан маселе чечилген эмес.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева Жалал-Абадда бала бакчанын тарбиячылары бөбөктөрдү уруп, коркутуп, оозун скотч менен чаптап, ажатканага камаганын айткан.
Эл өкүлүнүн айтымында, кеп Жалал-Абад шаарындагы №8 "Теремок" аттуу муниципалдык бала бакчадагы окуя туурасында болуп жатат.
"Тарбиячы балдардын жүрөгүн түшүрүп, уруп, оозун скотч менен чаптап, ажатканага камаган. Ушундай жол менен тарбия жүргүзөт экен. Андай болсо тарбиячыларды жумушка алуунун алдында психологиялык тест жасаш керек. Негизи мындай нерселерди бала бакчанын директору видеокамера боюнча табыш керек. Ата-энелер шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылганы менен ал жактан көйгөй чечилген эмес", — деди Раимбачаева.
Билим берүү министрлигинен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө "Теремок" балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери 18-октябрда ал жерде иштеген А.О. жана К.Т. боюнча арыз менен кайрылышканын кабарлады.
Шаардык билим берүү бөлүмүнөн комиссия түзүлүп, текшерүү болуп, алардын бөбөктөргө туура эмес мамиле жасашканы аныкталган.
"Тарбиячылардын бири А. О. түшүнүк кат жазып иштен кетсе, экинчиси К. Т. 23-октябрдан бери дарыланууда. Бакчанын жетекчиси Исаевага дарылануусу аяктаган соң К.Т. аттуу тарбиячыга чара көрүү эскертилген. Мындан сырткары, сөгүш жарыяланган", — деди министрликтен.
Автоунаанын рулюн кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Ош: агасы-карындашын эки автоунаа бир учурда сүзгөн. Кырсыктын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0