Бишкек менен жер-жерлерде көмүрдүн эң жогорку баасын бекитишти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКөмүр сатуу. Архив
Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
25-октябрдан тарта үч айга чейин кара алтындын баасын жөндөгөн тартип киргизилди.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек, Ош калааларында жана башка облустарда көмүргө эң жогорку баа коюлду, андан ары көтөрүлбөйт.
Антимонополия кызматынын билдиргенине караганда, 25-октябрдан тарта үч айга чейин кара алтындын баасын жөндөгөн тартип киргизилди.
Маселен, эгерде "Кыргыз көмүр" уюму менен келишими бар базадан алса, бир тоннасы 4700 сом болот. Жеке тараптар 5500 сомдон сата алат, ал эми тандалмалары 6000ге жетет.
Ведомстводон андан кымбат болбошу керектигин түшүндүрүштү. Антимонополия органы баа көмүр кен менен саткан жердин ортосундагы аралыкка байланыштуу болорун белгиледи. Андан сырткары, шахта ыкмасы менен казуу да баага өзүнүн таасирин тийгизери айтылды.
Котельняда жылытуу мезгилине карата даярдык иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Бишкекте 4700 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги
Жаңылыктар түрмөгү
0