Бишкекте Динара Асановага арналган кинофестиваль өтөт. Программасы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКинотеатрда көрүүчүлөр. Архив
Кинотеатрда көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Фестиваль Динара Асанованын "Боз балдар" тасмасы менен ачылып, кийинки күндөрү эл аралык сынактарда жеңген башка тасмалар көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте 27-октябрдан баштап 30-октябрга чейин Qarash Lab кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара белгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанованын жаркын элесине арналат. Фестиваль "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 18:00дө ачылат. Ага чет элдик жана кыргызстандык кинематографисттер, искусство жана маданият ишмерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин келери күтүлүүдө.
© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүБелгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
Кинорежиссёр, лауреат премии Ленинского комсомола Динара Асанова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Белгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
Ачылыш аземинде Динара Асанованын "Боз балдар" ретроспективдүү тасмасы көрсөтүлүп, андан соң кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.

Фестивалдын программасы:

28-октябрь саат 19:00:
Казакстандык жаш режиссёр Айсултан Сейитовдун "Каш" тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин режиссёр жана кино адистери талкуулашат.
29-октябрь саат 19:00:
Режиссёр Далмира Тилепбергенова тарткан "Белек" көркөм тасмасынын бет ачары болот. Мындан кийин да кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.
30-октябрь саат 15:00:
2022-жылы Канн кинофестивалынын "Особый взгляд" сыйлыгынын лауреаты режиссёр Матьё Вадпьед, сценарист Оливье Деманжель жана продюсер Омар Си тарткан "Ата-бала" тасмасы тартууланат. Тасмадан соң тасма жаратуучулар жана кино адистердин талкуусу болот.
Бардык тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.
Актерлор спектакль учурунда рол ойноп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Актёр болууну кыялданган жаштарга жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шарт-талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0