Сабира Күмүшалиева 50, Назира Мамбетова 27 жашта эле. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева менен КР эл артисти Назира Мамбетованын сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймагында тартылган.
Ал жылы белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тартып, сүрөттөгү актрисалар роль жараткан. Күмүшалиева Карыз эненин, Мамбетова анын өгөй кызы Бекейдин ролун жараткан.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Назира Мамбетов тартуу учурун мындайча эскерет.
"Москвадагы жогорку окуу жайды бүтүрүп келген москвалык кинорежиссёрлор менен иштешкем. Кийин Болот Шамшиевдин "Ак кеме" кинофильмине тартылгам. Кинорежиссёр актёрлорду өзү тандап, мен да ошол чыгармачыл топко кошулгам. Биз Жаргылчак капчыгайындагы токойчулардын үйүндө, вагондордо жашап иштечүбүз. Чыңгыз Айтматов тасма тартып жаткан учурда эки жолу келип кетти. Ал бизге "роль ойнобой, чыныгы турмуштагыдай аткаргыла" дечү. Жаштардан мен, Айтурган Темирова, Нургазы Сыдыгалиев, Чоро Думанаев, Мукан Рыскулбеков бар болчу. Улуу муундагылардан Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев, Алиман Жангорозова, Даркүл Күйүковалар болчу. Тартуу маалында Сабира апа Нургазыны багып, ага текстин үйрөтүп жетелеп жүрчү. Эже ошол убакта 50 жаштарда болуш керек. Өзүнүн ишине тыкан, аябай чыйрак болчу, эч убакта туура эмес иштерди кылчу эмес. Биз аларга карап түздөлүп ишибизди жакшы кылганга аракет кылчубуз", — деди актриса.
Ал кезде Күмүшалиева 58, Мамбетова 27 жашта эле. Кинокартина 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, аны тарткандар кийинки жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Тема боюнча:
"Уланды" көркүнө чыгарган Аринбасарова менен Чокморов. Таберик сүрөт
Какыр-Сайда жер танаптаган сахна чеберлери. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Шамшиевдин акыркы тасмасы. "Фудзиямадагы кадыр түндүн" таберик сүрөтү
Эки ирет үйлөнүп, эки ирет жесил калган. Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0