Өкмөт министрлер менен ведомство башчыларынын 14 орун басарын кыскартты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Ар бир министрликте канча орун басар ишинен кыскартылганы такталган жок.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү министрликтердин жана административдик ведомстволордун 14 штаттык бирдигин (жетекчилеринин орун басарлары) кыскартты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.
Оптимизацияга туш болгон министрликтердин тизмеси:
Экономика жана коммерция министрлиги;
Финансы министрлиги;
Тышкы иштер министрлиги;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Айыл чарба министрлиги;
Билим берүү жана илим министрлиги;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
Санариптик өнүгүү министрлиги;
Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонд.
Мындай чечим президенттин "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында чыгарылды.
Ар бир министрликте канча орун басар ишинен кыскартылганы такталган жок. Буга чейин Жаратылыш министрлиги менен "Кыргызпатенттеги" орун басарлык кызматтар жоюлган.
Бажы кызматынын кызматкери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Көлбаев, Матраимов менен иштешкен. Бажы кызматынан 50дөй адам жумуштан алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0