Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда Көк бөрү академиясы ачылат

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев Бишкекке жакын жайгашкан Военно-Антоновка айылында заманбап талаптарга жооп берген ат майданы куруларын айтты.
Жаңы курула турчу ипподромдун базасында Кыргызстанда Көк бөрү академиясын ачуу планы каралууда. Анда көк бөрүнү теориялык, практикалык жактан окутуп, өспүрүмдөрдү тарбиялап, күчтүү мектеп түптөө аракети болорун Рамис Жунусалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда Көк бөрү академиясы ачылат
Анын айтымында, академия көк бөрү оюну менен гана чектелбестен каалоочулар үчүн ат минип, эс алууга да ылайыкталат.
"Бишкекке жакын жайгашкан Военно-Антоновка айылында заманбап талаптарга жооп берген ат майданы курулганы турат. Жалпы аянты 220 гектар жерди камтыган ипподромдо аттар багылып, улакчылар оюнга машыгып, даярдык көрүүгө шарттар каралат. Мындан тышкары, жаңы курула турчу ат майдандын базасында Көк бөрү академиясын куруу пландалып жатат. Анда көк бөрүнү теориялык, практикалык жактан окутуп, өспүрүмдөрдү тарбиялап, күчтүү мектеп түптөө аракети болот. Борбор калаанын өзүндө эле миллиондон ашык адам жашайт. Жакын жерге барып ат минип, эс алууга дээрлик шарттар жок. Андыктан бул академияда жаштарды тарбиялоо, көңүл ачуу үчүн бардык шарт каралат", — деди Жунусалиев.
Ошондой эле адис көк бөрү инфраструктуралык реформага муктаж экендигин, жаңы багыттарды кароо керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0