Кыргызстанда миллиондон ашуун унаа бар, эки жылда 4%га көбөйдү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин жанындагы унаа базары. Архив
Бишкектин жанындагы унаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Былтыр облустук жана жергиликтүү маанидеги 23 чакырым жол, айыл чарбасындагы ички чарбалык 136 чакырым жол салынган.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир миллиондон ашык автоунаа бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жыл башындагы эсептөөлөргө таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорттун саны 2021-жылга салыштырмалуу төрт пайызга көбөйгөн. Өлкө калкынын 1000ине алганда 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил машиналардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (калктын 1000ине 277 автоунаа), Чүй облусуна (238 автоунаа) жана Ош калаасына (207 автоунаа) туура келет.
2022-жылы облустук жана жергиликтүү маанидеги 23 чакырым жол, айыл чарбасындагы ички чарбалык 136 чакырым жол салынган.
Мындан сырткары, Түштүк транспорт жолу, Ош — Баткен — Исфана, Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ысык-Көл айланма жолу, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун курулушу, "Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу" долбоору боюнча иштер, трассаларды оңдоо жана реконструкциялоо жүргүзүлгөн. Транспорт тармагына инвестициялардын 75 пайыздан ашыгы тышкы булактардын эсебинен каржыланган.
Бишкектеги коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкекте унааларга айрым бир убакта сары тилке менен жүрүүгө уруксат берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0