Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетов: сапаттуу үрөн жакшы түшүм алууга шарт түзөт

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов аталган мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Сапаттуу үрөн жакшы түшүм алууга шарт түзөт. Ошондуктан сертификатталган үрөн себүү зарыл. Бул тууралуу Бакыт Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамбетов: сапаттуу үрөн жакшы түшүм алууга шарт түзөт
Анын айтымында, өлкөдө 96 үрөн чарбасы иш алып барат.
"Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти үрөндүн сапатын, көчөттөрдү, данды жана аны кайра иштетүүчү продукцияларды экспертизалоо жана баалоо, сортторду сыноо, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сыноо менен алектенет. Сапаттуу үрөн айыл чарба процессиндеги эң маанилүү кадамдардын бири. Анткени сапаттуу үрөн жакшы түшүм алууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө боло алат. Республика боюнча 96 үрөн чарбасы иш алып барат. Учурда алардан дыйкандар дотация жолу менен үрөн алууга шарт түзүлгөн. Мындан тышкары, Россиядан келген сапаттуу үрөн 4,5 пайыз үстөгү менен насыяга берилүүдө. Сертификатталган үрөн сапаттын кепилдиги болуп саналат. Аларга экспертизадан өткөндөн кийин сертификат берилет. Бул үчүн атайын ыкмалар колдонулуп, лабораториядан текшерилет. Үрөн чарбалары бир катар талаптарга ылайык иш алып барууга тийиш. Мунун баарын атайын адистер текшерип, тазалангандан кийин анализден өткөрүшөт. Ошого жараша тийиштүү документтер берилет. Сертификатталган үрөндүн наркы салыштырмалуу кымбат болгону менен түшүмдүүлүк 15-25 центнерге көбүрөөк болот", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал түшүмдүүлүк үрөндүн өз учурунда себилгени, туура өстүрүлгөнүнө жараша да болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0