Кайын сиңдилеримдин кылык-жоругу жаныма батты. Келиндин каты

© Pexels / Cottonbro studioКийим кече чачылып жаткан бөлмөдө кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кийим кече чачылып жаткан бөлмөдө кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына кайын сиңдилеринин кылык-жоругунан тажаган келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Биз шаарда турабыз. Кайын журтум айылда жашайт. Быйыл үйгө кайын сиңдилерим айылдан келип окуп баштаган. Бирөө колледжде, экинчиси жогорку окуу жайда билим алат. Өзүм иштейм. Балдарым мектепке барат. Жолдошум да эртеден кечке жумушта. Мага кыздардын үйдө өзүн алып жүргөнү жакпай жатат. Ар бир үйдүн өз кожойкеси бар дегендей, буга чейин буюмдарымды өз ордуна коюп, ирээти менен жашачубуз. Мындайча айтканда, үй ичинде менин мыйзамым иштечү. Балдарым да ошол тартипке көнгөн. Эми бул кыздар келип жүдөтө баштады. Күндө эртең менен же кечинде душка түшөт, ар кайсы жерде чачтары калат. Же сууларын сүртүп тазалашпайт. Кир кийимдерин автоматтын жанына таштап коюшат. Кенедей кыздар мага “келин кылат” дегендей мамиле жасашат. Мен болсо муну сыйлабагандык катары кабылдайм. Эртең менен төшөктөрүн жыйнабайт. Өткөндө “төшөктөрүңөрдү жыйнап, артыңарды тазалагыла, кыздар. Мындай болбойт” десем, экөө тең кыялын көрсөттү. Кичүүсү көзүнүн төбөсү менен карап мага кырын салып жатат. Апасына да бир нерсе деген окшойт, ал кишинин да үнү өзгөрүп калыптыр. Негизи мен үйү бар балага турмушка чыккам. Башкача айтканда, бул үйдү кайнатам алып берген. Ошол себептен “биздин үй, каалагандай жүрөбүз” дегендей мамиле жасашат. Жумуштан чарчап келип бала окутуп, тамак жасап жетишпей калам. Уйкум канбайт. Жок дегенде тазалыкты сакташса жакшы болот эле. Жолдошум аны менен иши жок. Ал үчүн күндө жаркылдап, баарына жетишип, көңүл буруп турушум керек. Акыркы кезде чарчап жүргөнүм ага да жакпай баштады. Мага кырын салып калды. Бир жагынан мектептеги балдардын маселеси. Баары менин мойнумда. Кээде өзүмдү роботтой эле сезип кетем. Ал аз келгенсип кыздар менин оокаттарымды да колдончу болду. Буга байкамаксан болуп коём. Чыдамдын да чеги болот. Кайнатам “кыздар конок, алар билим алышы керек, оокатыңды өзүң жаса” деген принципти карманат. Чарчадым.
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы?! Мындай көйгөй көпчүлүк кыргыз үй-бүлөсүнө таандык болсо керек. 18 жаштан кийин ар бир адам өз өмүрүнө, буюмдарына, ошондой эле мүнөзүнө жооп бере ала тургандай болушу керек. Жеке чек эмне экенин билбеген адамдар дал ушундай учурларды жаратат. Ал эми жеке чекти коргой албагандар жабыр тартат. Мындай учурда эмне кылуу керек?
Эң биринчи ачык сүйлөшүүгө чакыруу. “Силер мындай кылып жатасыңар” деп эмес. “Үй ар дайым таза болушу үчүн мага силердин жардамыңар абдан керек. Силер кандай жардам бере аласыңар? Үй жыйналбаса өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам” деген мааниде өзүңүздүн сезимдериңиз жөнүндө айтыңыз. Ортодон бирөөнү күнөөлүү кылбаш керек. Аларды күнөөлөп же урушкандан майнап чыкпайт. Болгон нерсени факты менен өзүңүздүн сезимдериңизди кошуп айтыңыз. Анан байкап көрүңүз. Бирок ар дайым эсиңизде болсун, алар сиздин жолдошуңуздун бир туугандары. Мындай маселелер сый мамиле, жакшы сөз аркылуу гана чечилиши керек. Жеке чекти коргой билиңиз. Сизге ийгилик!
Шарап ичкен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Уулунан ажырап, аракка берилген эжебизге жардам бере албай жатабыз. Жээндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0