Бейтаптарды байлап койгонго туура келет. Эпидемиологдун кутурма тууралуу маеги

Жазылуу
Кутурма – айыккыс оору, бул илдет адамды 100 пайыз өлүмгө жеткирет. Бул тууралуу эпидемиолог Элмира Масымбаева редакцияга курган видеомаегинде айтып берди.
Дарыгер билдиргендей, акыркы 10 жылда өлкөдө кутурмадан 18 адам каза болду. Алардын баары жаныбар тиштегенден кийин медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес.
Оорунун белгилери – адам алгач суудан корко баштайт, андан кийин дабыш угулуп, жел жүрсө да ал үчүн коркунучтуу. Мындан улам бейтаптар караңгылатылган палатага жаткырылат.
“Кутуруп, ээлигип кеткендер да болобу?”, – деген сурообузга Масымбаева “мындай учурда аларды керебетке байлап коюуга туура келет” деп түшүндүрдү.
Тема боюнча:
Кутурмага кабылгандарды "жин кирди" деп молдого алып баргандар болот. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0