Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акыркы жумада КРВИ менен ооругандардын саны 1000ге жетти

© Sputnik / Асель СыдыковаЧүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев
Чүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Жазылуу
Чүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев калк арасында грипптин А жана Б түрү, парагрипп, чочко тумоосу жүрүп жатканын айтты.
2023-жылдын 9 айында Чүй облусунда 33 миӊден ашык курч респиратордук вирустук инфекция менен жабыркаган бейтап катталды. Бул тууралуу Акылбек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Акыркы жумада КРВИ менен ооругандардын саны 1000ге жетти
Анын айтымында, өткөн жумада 900дөй адам түрдүү вирустук инфекция менен ооруса, акыркы жумада ооругандардын саны 1000ге жогорулаган.
"Күз-кыш мезгилинде күн кыскарып, жашылча-жемиштерди аз жегенге байланыштуу организмде D жана C витамини азаят. Мунун баары организмдин коргоочу функцияларын азайтып, кээ бир органдардын иштешин начарлатат. Ошондуктан бул мезгилде вирустук инфекциялар менен ооруп калуу коркунучу жогорулайт. Учурда калк арасында грипптин А жана Б түрү, парагрипп, чочко тумоосу жүрүп жатат. Андыктан аба ырайына жараша кийинип, тамакты күчтөп жеп, ооруну алдын алуу үчүн эмдөө алуу керек. Жыл сайын тобокел тобундагы адамдар (карылар, өнөкөт оорусу барлар, балдар, дарыгерлер ж.б.) эмдөөдөн өткөрүлөт. КРВИ болгондо каалаган дары-дармекти ичкенге болбойт. Бул учурда жылуу сууну көбүрөөк ичүү сунушталат", — деди Исаев.
Ал вирустук инфекция менен ооруган учурда антибиотик колдонулбай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0