Кожомкул атамдын кийимдерин миллиондорго да бербейт элем. Чөбөрөсүнүн маеги

© Фото / предоставлено Орозаалы КожомкуловымКаба уулу Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов
Каба уулу Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Жазылуу
Кыргыз жана казак элине атагы чыккан балбан Каба уулу Кожомкул Суусамыр өрөөнүндө туулган. Атасы Каба да уулунан ашкан балбан болгон. Кожомкул коомдук иштерге активдүү аралашкан, маданиятка жакын инсан экени айтылат.
Sputnik Кыргызстан агенттигине Каба уулу Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов келип, бабасынын өмүр-таржымалын эскерип берди.
— Алгач өзүңүздү тааныштырсаңыз?
— Мен 1993-жылы Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөм. Бала чагым Кожомкул айылында өттү. Кийин шаарга көчүп келип, айыл менен шаардын ортосунда өстүм. 2016-жылы Каба уулу Кожомкул атындагы коомдук фондун түзүп, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келе жатам. Өзүм да чыгармачылыкка жакынмын. Азыр фонддун иши менен айкалыштырып иштеп жатабыз.
2019-жылы Кожомкул атабыздын 130 жылдык мааракеси белгиленди. Анын алкагында Кожомкул атындагы спорт сарайында музейи ачылган. Буюрса, жасалуучу иш-чаралар арбын. Эмдиги жылы 135 жылдыгы болот. Азыр муну мамлекеттик деңгээлде белгилөө, балбандын урматына кыргыз-казак эл аралык айтышын өткөрүү жана башка маданий, изилдөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча президентке кат жазып жатабыз.
— Канча жашыңыздан баштап балбандын тукуму экениңизди аңдадыңыз?
— Кичинебизден эле айылга барганда "Кожокемдин урпагы" деген сөздөрдү угуп чоңойдук. Анан аш-тойлордо бизди дайыма күрөштүрө коюшчу. Ошондон тарта эле бабабыз балбан экенин, жөнөкөй адам болбогонун түшүнчүбүз. Кийин 14-15 жашымда Абдылда Белековдун атабызга арнап жазган китептерин окуп, көзүмдөн жашым токтобой ыйлап жибергеним бар. Ошондо тарыхый алп балбандын, залкардын урпагы экенимди көкүрөгүм менен даана сезгем. Ага чейин балалык менен маани бербептирбиз. Ошол китептерди окуп чыккандан кийин абдан таасирлендим. Азыр ошол инсандын чөбөрөсү болгонум үчүн эле коомдо, чөйрөмдө сыйга татып келем.
© Фото / предоставлено Орозаалы КожомкуловымКожомкул атабыз 15 жашынан баштап күрөшкө түшүп, айры төштүүнүн алдына жатпаган, далысы жер жыттабаган балбан болуптур
Кыргызский богатырь Кожомкул Каба уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Кожомкул атабыз 15 жашынан баштап күрөшкө түшүп, айры төштүүнүн алдына жатпаган, далысы жер жыттабаган балбан болуптур
— Сиз деле олбурлуу, бойлуу жигит экенсиз. Эми өзүңүздүн атаңыз тууралуу айтсаңыз?
— Атамдын аты Жапар. Кожомкул атабыздын эң кенже неберелеринен болот. Атам жөнөкөй эле киши. Бирок ар кимдин өз атасы көзүнө Манас көрүнөт да. Бою 185 сантиметрге жетет. Элден эч кандай деле өзгөчөлөнбөйт. Ал эми Кожомкулдун уулу, менин чоң атам Муктар деле жапалдаш бойлуу киши болгон. Баатыр атабыздын тун уулдары Алымбек менен Турумбек бала кезинде бирөө беш, бирөө жети жашында чарчап калган экен. Кожомкул атабыздын "өзүмдүн да көзүм тийдиби" дегени бар. Кенедей кезинде эле эки баласы торпок көтөргөн балбан билек болуптур. Эл да "Кожокемдин артында өзүндөй тукум калмай болду" деп суктанып карашчу экен. Ошондон көз тийип чарчап калган деп айтылат. Андан кийинки урпактары элден бой, күч жагынан өтө айырмаланбайбыз. Күчтүүлөр бар, бирок эл катары эле. Чөбөрөлөрүнүн ичинен Бактияр бир тууганыбыздын бою 195 сантиметрге барат.
Каба атабыз Кожомкулдан ашкан балбан болуптур. Бирок анын атагы уулунукундай чыкпай калган. Менимче, ал киши совет доорунда төрөлсө даңазаланмак. Анын оодарган ташы Суусамырдагы музейдин алдында турат. Таштын салмагы 1 тонна 274 килограмм. Кийин уулу балбан чыкканда тоо тарапка алып барып, өзү көтөргөн таштарды көтөртүп көргөн экен. Ошондо Кожомкул 18 жашта болот. Бир ташты көрсөтүп "балам, ушуну көтөрчү" десе Кожомкул атабыз тизеге чейин көтөрүп келип анан ыргытып жибериптир. Ошондо Каба атабыз "аа балам, сен тай-торпокчолук эле балбан болот турбайсыңбы. Сендей курагымда мен бул ташты аркы кырдан бери көтөрүп келгем" дептир. Ушундан эле атасынын баатырдыгын билсе болот. Бирок Каба атабыз уулундай бойлуу болбоптур. Аксакалдардын айтымында, Кожомкул атасынын балбандыгын алганы менен бой жагынан тайын тарткан. Апасы Алмадай бойлуу аял экен.
© Фото / предоставлено Орозаалы КожомкуловымКожомкул атабыз алган байгелерин чогултуп үйүнө жыйнабаптыр, кайрымдуу, боорукер экен. Тапкан малын ошол аймакта жашаган бей-бечараларга, жетим-жесирлерге, майыптарга таратып коюп баса берчү дешет
Кыргызский богатырь Кожомкул Каба уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Кожомкул атабыз алган байгелерин чогултуп үйүнө жыйнабаптыр, кайрымдуу, боорукер экен. Тапкан малын ошол аймакта жашаган бей-бечараларга, жетим-жесирлерге, майыптарга таратып коюп баса берчү дешет
— Кожомкул балбандын ата-тегинен кеп салсаңыз?
— Ал киши Каба балбан менен Алмадай апанын уулу. Өтө карапайым үйдө төрөлгөн. Каба атабыз байларга жалданып иштеген. Балбандыктан тапкан байгелерин байлар тартып алып, ошолор үзүрүн көрчү дешет. Кожомкул атабыз деле 15 жашынан баштап күрөшкө түшүп, айры төштүүнүн алдына жатпаган, далысы жер жыттабаган балбан болуптур. Ал кезде тогуздап байге сайылган. Алган байгелерин чогултуп үйүнө жыйнабаптыр, кайрымдуу, боорукер экен. Тапкан малын ошол аймакта жашаган бей-бечараларга, жетим-жесирлерге, майыптарга таратып коюп баса берчү дешет. Аны күтүп жол карап отурган үй-бүлөсү, айыл эли, аксакалдар "өз маңдай териң менен тапкан малыңды айдап келсең боло. Биз деле эл катары жашайлы" деп урушса деле такыр укчу эмес экен. Малды үйүнө айдап келип, жыйнап алгандан уялган. "Кожомкул балбандын чөбөрөсү" десе эле көбү бизди бай, Суусамырда үйүр-үйүр жылкысы бар, каймак-майдын үстүндө жашагандай ойлошот. Балбан атабыз бизге материалдык байлык калтырган эмес. Балдарына мураска үйүр-үйүр жылкы таштап кетүүгө деле кудурети жеткен, бирок анткен жок. Анын өзүнө жетиштүү гана малы болгон. Кыргыз элине балбандыгы, бизге басып өткөн жолу — байлык.
— Атаңыз совет доорунда да коомдук иштер менен активдүү алектенген экен?
— Албетте. Атабызды азыр көпчүлүк балбан катары тааныйт. Бирок чындыгында баскан жолун карап көрсөк, коомдук-мамлекеттик ишмер катары да жигердүү иштерди жасап өткөн. Маселен, совет доору келгенде калкты отурукташтыруу, коллективдештирүү, колхоздоштуруу өңдүү көп жумуштар турган. 1936-жылдары атабыз азыркы Кожомкул айылына элди отурукташтырып, уюштуруп кыштактын атын "8-Март" деп атаган. Эмне себептен мындай атаганын так билбейм. Андан кийин 1937-1938-жылдары Кожомкул атабыз элди чогултуп, ашар жолу менен мектеп курдурат. Төрт бөлмөдөн турган мектеп кийин кеңейтилип, камыштан же топурактан жабылган, кийин шиферленет. Анын пайдубалынан бери оңдоп-түзөгөн сүрөтү бар. Көп бала билим алып, айылдын тун мугалимдери иштеп калышты. Азыр ал мектеп жок. Анан Көкөмерен дарыясына төрт көпүрө салганы айтылат. Азыр мамлекет техниканын жетишип турган заманында кичинекей эле сайга көпүрө сала албай жатат. Көпүрөнү досу, кийин кудасы болгон айтылуу Бийназар уста менен курган. Мындайча айтканда, атабыз Көкөмерендин так ортосуна туруп алып крандын ролун ойногон. Ал көпүрөлөр азыр жок. Бирок издери, кээ бир карагайлардын калдыктары бир аз калган. Атабыз кийин Жумгалда айылдык кеңештин төрагасы, Кара-Балтада жер бөлүүнүн башчысы, порторг, кедейлер комитетинин төрагасы болуп бир топ кызматтарды аркалаган. Алматынын жана Ташкенттеги архивди казса видеолору да чыкса керек. Дагы изилдей турган жагдайлары көп. Бул иш мамлекеттик деңгээлде жасалышы керек.
© Sputnik / Асель СыдыковаОрозалы Кожомкулов: мен 16 жашымда Тарых музейине келип, Кожомкул атабыздын сүрөтүн жана ал тууралуу маалыматтарды издедим. Ал киши тууралуу борбордогу мамлекеттик музейде маалымат бар деген ишеничте элем. Иш жүзүндө Кожомкул эмес, "Манас" эпосу тууралуу маалыматтар жеткиликтүү берилбептир
Заместитель директора дирекции национальных видов спорта Орозалы Жапар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Орозалы Кожомкулов: мен 16 жашымда Тарых музейине келип, Кожомкул атабыздын сүрөтүн жана ал тууралуу маалыматтарды издедим. Ал киши тууралуу борбордогу мамлекеттик музейде маалымат бар деген ишеничте элем. Иш жүзүндө Кожомкул эмес, "Манас" эпосу тууралуу маалыматтар жеткиликтүү берилбептир
— Архивдердеги видео, материалдарды издөө канча жашыңызда оюңузга келди?
— Мен 16 жашымда Тарых музейине келип, Кожомкул атабыздын сүрөтүн жана ал тууралуу маалыматтарды издедим. Ал киши тууралуу борбордогу мамлекеттик музейде маалымат бар деген ишеничте элем. Иш жүзүндө Кожомкул эмес, "Манас" эпосу тууралуу маалыматтар жеткиликтүү берилбептир. Кыргыздын каймактарынын көбү жок. Абдан жаман акыбалда болуп музейдин директоруна барсам, "аны министрлик менен сүйлөшүү керек, мен билбейм" деп койду. Ал кишинин кайдыгерлигин көрүп, түз эле министрге бардым. Министрдин катчысы менин жашымды сурап эле такыр киргизгиси келбеди. Өзүмдү тааныштырып, министрге сунуштарым бар экенин айтсам "сенден улуурагы жок беле? Паспортуң да жок экен" деди. Ошондо "эже, "Акылдуу бала" деген жомокту уктуңуз беле? Бир кичине баланы ханга элчи кылып жиберишсе хан "сенден чоңу жокпу?" дейт. Анда бала "чоңураак десеңиз төө менен, сакалдуураак десеңиз теке менен сүйлөшүңүз" дейт. Кеп чоңдо эмес, акылда" десем эле катчы унчуга албай калды. Дароо эле министрге кирип, кайра чыгып эле чакырып жатканын айтты. Кирсем министр Султан Раев экен. Ага да өзүмдү тааныштырып, "агай, мамлекеттик тарых музейинен чоң атам тууралуу маалымат издеп барып таппадым. Керек болсо Манас атабыз тууралуу жеткиликтүү маалымат жок. Залкар инсандардын көбү жок. Кааласаңыз, мен сизге сүрөттөрдү, маалыматтарды алып келип берейин. Музейге коёлу" десем, оюмду колдоп 3-февралда келишимди айтып узатты. Кийин барсам министр алмашып, ордуна Ибрагим Жунусов отуруп калыптыр. Айтайын дегеним, ошондон баштап эле таасирленип, изденип баштагам.
— Чөйрөңүздөгү адамдар балбандын чөбөрөсү экениңизди билгенде кандай мамиле жасашат?
— Шаардагы классташтарыма, жогорку окуу жайындагы тайпалаштарыма, кийин армияда бирге кызмат өтөгөндөргө да ичимден сыймыктансам да Кожомкулдун чөбөрөсү экенимди айтчу эмесмин. Анткени бир чети мактангандай, экинчиден, жоопкерчилик. Дароо эле келбетиңди, дене-боюңду, жүргөн-турганыңды карайт. Андыктан ошол кишиге татыктуумунбу деген ой келет.
© Фото / предоставлено Орозаалы КожомкуловымКожомкул балбан 52-өлчөмдөгү бут кийим кийген. Колунун узундугу 26 сантиметр болгон
Кыргызский богатырь Кожомкул Каба уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Кожомкул балбан 52-өлчөмдөгү бут кийим кийген. Колунун узундугу 26 сантиметр болгон
— 2004-жылы Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында балбандын манжасынын болжолдуу изи түшүрүлгөн таш коюлган. Ошол колунун изинин окуясын айтып бересизби?
— Чаргынбай Тыйта уулу деген адам каза болуп, чоң атам менен досу Бийназар экөө күмбөзүн салат. Оймо-чиймелерин, жасалгаларын Бийназар уста түшүрсө, кара жумушун чоң атам жасаган. Анан "кел, эми эстелик болсун" деп колдорун дубалга эстелик катары басып түшүрүп коюшкан. Ал из кийин ташка чегилип жатат. Кожомкул балбан 52-өлчөмдөгү бут кийим кийген. Колунун узундугу 26 сантиметр болгон.
Спорт сарайдын ичине 2019-жылы музейи ачылды. Бул буга чейин эле 1993-жылы спорт сарайга аты берилгенде же 2004-жылы эстелиги орнотулганда эле ачылышы керек болчу. Бирок ал кезде биз бала болуп калдык. Чуркаган киши жок болдубу, айтор, ачылган эмес. 2015-жылы "Кожомкул балбан баяны" деген китеп жазып чыктым. Ошол кезде спорт ордосунда музей ачуу эң чоң максаттарымдын бири болчу. Жогору жактарга кайрылдым. Каражат жок. Үч-төрт жыл чуркап жүрүп 130 жылдыгынын алкагында гана максатым ишке ашты. 6-7 ай убактым эле демөөрчү издөөгө кетти. "Мен мекенчил, тарыхты сыйлайм" деген байлардын баарына бардым окшойт. Бирок биринен да акча болгон жок. Коомдук фондго деле акча керек экен. Университетке төлөчү окуумдун акысын, үйгө азык-түлүк алып баруучу акчаны музейге салып жатып ачтык. Машинама 40 сомго бензин куюп алып, экспонат ташыган учурлар болуп жатты. Музей ачуу оңой иш эмес экенин жон терим менен сездим. Азыр сыймыктанып, жылмайып эстегеним менен ошондо абдан кыйналгам, ызалангам. Кийин Кожомкул атамдын мааракесинде Кырчын жайлоосуна экспонаттарды алып барып, боз үйдө көчмө музей уюштурдук. Ошондон келгенден кийин музейин ачууга катуу кириштим. Спорт сарайында музей ачканыбыз менен көңүлүмө анча толо элек. Анткени музейдин аянты 100 чарчы метр, бул 2,5 гектар жерди ээлеген спорт сарайы үчүн тардык кылат. Андан кийин издендик, экспонаттарды топтодук. Музейге маалыматтарды кыргыз, орус жана англис тилинде бердик. Кожомкул атабыздын музейинде өзүнүн кийимдери турат. Муну аукцион аркылуу миллиондогон акчаларга сат десе да бербейт элем. Анткени биз үчүн баркы баа жеткис.
— Бүгүн сиздердин фонд кандай кызматтарды аткарат?
— Негизинен спорт тармагын колдоо максатыбыз бар. Ошондой тилекте ачылган. Бирок бир эле спорт тармагында эмес, маданий тармакты да колго алып келе жатабыз. Анткени Кожомкул атабыз өнөр адамдарын баалап тим болбостон, өзү да өнөрлүү болгон. Комуз черткенди жакшы көргөн, үйүндө дайыма комуз илинип турган. Көбү жанагындай колу менен комузда кол ойнотконун элестете албайт, бирок комузчу эле эмес мүнүшкөр, саяпкер да болгон. Арген үндүү ырчылардын бири Мыскал Өмүрканова да жумгалдык. Атабыз Жумгалда башкарма болуп турганда топтошкон аялдардын арасынан мукам үн угуп, бул ким экенин сураса кыз-келиндер Мыскалды көрсөтөт. Ырдатып көрүп "колхоздун кара жумушу сенсиз деле бүтөт, сенин ордуң бул жер эмес, филармония экен" деп борборго жөнөткөн экен. Башкача айтканда, Мыскал апабыздын ырчылык багын ачкан Кожомкул атабыз болгон. Анын Токтогул Сатылганов, Калык Акиев аттуу акындар менен аралашып жүргөнүн бул өнөрдү сүйгөндүгү деп билем.
Манасчы Салимбай Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Суу астында калган айылын эстегенде... Манасчы Салимбай Турсунбаевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0