Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду "Ата" фабрикасына 1 млн. доллар бөлөт

© Фото / пресс-служба РКФР"Ата ЛТД" кондитердик фабрикасы
Ата ЛТД кондитердик фабрикасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Жазылуу
Суроо-талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу өндүрүштү кеңейтүүнү пландап компания фондго кайрылган.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) "Ата ЛТД" кондитердик фабрикасына 1 миллион доллар бөлөт. Бул туурасында аталган фонддон билдирди.
Маалыматка ылайык, фабрика Сокулук районунун Шопоков айылында жайгашкан. Ал Кыргызстанда кондитердик азык чыгарган лидер компаниялардын бири. Фабрика 200дөн ашуун продукция чыгарып, товардын бир бөлүгүн Казакстан, Кытай жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттойт. Суроо-талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу өндүрүштү кеңейтүүнү пландап РКӨФкө кайрылышкан. Натыйжада фонд ишкананы модернизациялоого жана өндүрүштү кеңейтүүгө деп 1 миллион доллар бөлүп берген.
"Бул долбоордун жардамы менен фабрикада шоколад момпосуйларын жана батончиктерин чыгаруу 2,5 жана 4 эсеге көбөйөт. Тышкы рынокко чыгаруунун көлөмү жана салыктык төгүмдөр дагы жогорулайт. Ишканадагы жумушчулардын саны да өсөт. Фонд Кыргызстанда өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды жана заманбап стандарттарды киргизүүгө стимул берүүгө аракет кылат", — деди РКӨФтүн башчысы Артем Новиков.
Фонд жаңы долбоорлорду эле эмес, улуттук лидерлердин дагы ишин илгерилетүү үчүн колдоо көрсөтөрү белгиленди.
"Биздин "Ата" фабрикасы менен ийгиликтүү кызматташуу боюнча тажрыйбабыз бар. 2019-жылы фонддун бир программасы аркылуу ишкана жабдууларды сатып алуу үчүн эки кредит алган. Бул жаңы долбоор дагы компаниянын мындан ары өнүгүп, сапаттуу продукцияларды чыгарып жана экспорттун көлөмүн жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенем", — деди Новиков.
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
РКӨФ түптөлгөндөн бери 580 млн. долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды
Жаңылыктар түрмөгү
0