31-октябрга карата аба ырайы

© AFP / MARTIN BERNETTIАдамдар жамгыр учурунда көчөдө бара жатышат. Архив
Адамдар жамгыр учурунда көчөдө бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
31-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Анткен менен күн сууктап, айрым жерлерде үшүк жүрүшү ыктымал.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, шейшембиде аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде +14...+19, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын аймагында +9...+14 градус болору болжолдонууда.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +10...+12, ал эми Ош калаасында +17...+19 градуска чейин жетет.
Тоңуп калган жалбырактар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Алдыдагы үч күндө күн сууктап, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0