Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Көчөров: илбирске "улуттук жаныбар" макамын берүү өлкө үчүн имидждик көрсөткүч

© Sputnik / Асель СыдыковаАк илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөров
Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөров ак илбирске "Кыргызстандын улуттук жаныбары" статусун берүү сунушу тууралуу айтып берди.
Ак илбирске "улуттук жаныбар" макамын берүү мамлекет үчүн имидждик көрсөткүч болот. Бул тууралуу Чыңгыз Көчөров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Көчөров: илбирске "улуттук жаныбар" макамын берүү өлкө үчүн имидждик көрсөткүч
Анын айтымында, аталган жаныбар көптөгөн символикаларда, улуттук фольклордо дагы кеңири кездешет.
"Ак илбирске "улуттук жаныбар" макамын берүү жакшы натыйжа берет. Алсак, мамлекет үчүн бул имидждик көрсөткүч болот. Ошондой эле туризм, экотуризм багытына оң таасирин тийгизет. Өз кезегинде бул экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышын шарттайт. Мындан тышкары, жаш муундун экологияга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо, аны сактоо жана коргоо багытында билим алуусун жакшыртат. Бул Кыргызстандын позициясы болуп, эч кандай эл аралык нормаларга каршы келбейт. Негизи эле ак илбирсти экологиянын индикаторунун көрсөткүчү катары кароого болот. Анткени илбирс бар жерде климат, экология, экосистема туруктуу, ыңгайлуу болот. Мындан тышкары, "ак илбирс" аталышында бир канча маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул аталган жаныбардын уникалдуулугунан кабар берет. Жалпылап айтканда, ак илбирс бул экологиялык бакубаттуулуктун символу десек болот", — деди Көчөров.
Ошондой эле ал илбирстин башын саноодо өлкөнүн эле эмес бардык региондогу өлкөлөрдүн маалыматы колдонуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0