Өлкөдө канча адам чакан жана орто ишкерлик менен алектенери айтылды

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioНоутбук менен иштеп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт
Ноутбук менен иштеп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Бул тармакта иштеген адамдардын саны 92,1 миңди түзөт.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 16,6 миң чакан жана 800 орто ишкана бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын башына карата чыгарган маалыматында камтылган.
Ишканалардын 30,2 пайызы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо боюнча, 13,7 пайызы өнөр жай, 11,4 пайызы курулуш тармагында иш жүргүзөт.
1-январга карата өлкө аймагында 442,5 миң жеке ишкер катталган. Ал эми дыйкан чарбалардын саны 473,2 миңге жетет.
2022-жылдын жыйынтыгы менен чакан жана орто ишкерлик субъектилери тарабынан өндүрүлгөн товарлар ички дүң продукциянын 43,3 пайызын түзгөн. Ал жакта иштеген адамдардын саны 92,1 миңди түзүп, орточо маяна 15 944 сом болгон. Бул сумма өлкөдө белгиленген орточо эмгек акыдан (2023-жылдын январына карата 26 540 сом) төмөн.
Эки миң сом купюралары менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Министрлик: “Социалдык келишимдин” суммасы өзгөрбөйт, 200 миңди алуу шарты башкача
Жаңылыктар түрмөгү
0