Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстан электрондук соодада кийим-кече сатуу жагынан алдыда

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын электрондук соода ассоциациясынын мүчөсү, Stores.kg долбоордун менеджери Нурлан Эшимбеков
Кыргызстандын электрондук соода ассоциациясынын мүчөсү, Stores.kg долбоордун менеджери Нурлан Эшимбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Кыргызстандын электрондук соода ассоциациясынын мүчөсү, Stores.kg долбоордун менеджери Нурлан Эшимбеков Кыргызстанда логистика боюнча маселе бар экенин айтты.
Кыргызстанда электрондук соода тармагы жаӊыдан өнүгүп келе жаткан багыт. Аталган тармак өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнүн негизги фактору. Бул тууралуу Нурлан Эшимбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстан электрондук соодада кийим-кече сатуу жагынан алдыда
Анын айтымында, Кыргызстан электрондук соодада кийим-кече сатуу жагынан алдыда.
"Жакында эле E-Commerce EXPO 2023 көргөзмөсүндө Visa, OZON, Alibaba, Дүйнөлүк банк, IFC өӊдүү ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтердин өкүлдөрү, эксперттер жана аналитиктер сүйлөштү. Катышуучулар эксперттерден рынок, тенденциялар, санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, транспорттук логистика, инфраструктура, эл аралык платформаларда соода жүргүзүү тажрыйбасы тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты. Анда Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык Кыргызстан логистика, банктардагы онлайн төлөө кызматы жагынан Орто Азия мамлекеттеринин арасында көрсөткүчү орточо экен. Бизде бир гана логистика жагынан маселе бар. Учурда "Кыргыз почтасынын" жол картасын карай турган болсок бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир нече долбоорлор жазылган", — деди Эшимбеков.
Ал Экономика министрлигинин 2023-2027-жылдарга электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча долбоору бул тармактардагы бир катар маселелерди жоёрун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0