Салык кызматы Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканын айтты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКазинодогу крупье фишкаларды тизип жатат. Архивдик сүрөт
Казинодогу крупье фишкаларды тизип жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Өлкөдө эки кумаркана расмий түрдө лицензия алганы маалым.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканын айтты.
Умтуловдун маалыматы боюнча, "Гранд казинонун" 80 пайыз үлүшү "Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез" компаниясына, 20 пайызы Азат Буркановго таандык.
Ал эми "Казино Кристал" казиносуна Сүйүнбек Уметалиев 37 пайыз, Назим Айткулов 10 пайыз, Чубак Асанов 53 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.
Өлкөдө ушул эки кумаркана расмий түрдө лицензия алганы маалым. Тагыраагы, "Гранд казино" лицензияны 2023-жылдын май айында алса, "Казино Кристал" казиносуна 2023-жылдын сентябрь айында берилген. Аталган жайлар казинолор иштей баштагандан бери 84 миллион сом киреше түшкөн. Бул сумманын ичинде букмекерлерден түшкөн каражат дагы бар. Тактап айтканда, казинолордон 80 миллион сом, букмекерлерден 3,5 миллион сом салык алынган.
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Лицензиясы жок казино иштеткендерди 8 жылга чейин камоо сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0