Октябрь революциясынан кийин өр алган кыргыз маданияты. Тарых барактары

© Sputnik / Александр Невежин / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин Москвадагы маданият кундөрү. Архив
Кыргыз ССРинин Москвадагы маданият кундөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Кыргыз маданиятынын кулачы союз маалында кеңейди, ар тармакта иштегендерге чет жакта суроо-талап жогорулап, искусство кызматкерлеринин кадыры арткан.
Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн маданият тармагынын өнүгүү тарыхына токтолот.
Октябрь революциясынан кийин кыргыз жергесинде мектеп, китепкана, театрлар биринин артынан бири ачылып, бийлик элди агартууга басым жасаган. Ал мекемелер негизинен мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө, жайылтууга көмөктөшкөн. Бара-бара андай маданий мекемелер шаарлардан сырткары элет жеринде да иштеп, 20-жылдары айылдарда маданият, дыйкандар үйлөрү ачылган. 1927-жылы Кыргыз автономиялык облусунда 100 китепкана жана маданий мекемелер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, маданий мурастарды, элдик өнөрдү эл ичинен чогултуп кагазга түшүрүү иштери кызуу жүргөн.

Москвадагы биринчи декада, фронттогу концерттер

30-жылдары жер-жерлерде өздүк көркөм чыгармачыл топтор ийримдерди уюштуруп элге спектакль, көчмө кинотеатрлар тасмаларды көрсөткөн. Маданият кызматкерлери жетишпегендиктен, китепканачы, киномеханиктерди даярдаган курстар ачылган.
1939-жылы СССРдин борбору Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы өтүп, ага театралдык-музыкалык топтор, акын-жазуучу, аткаруучу, обончу, төкмө акын, манасчы, сүрөтчүлөр катышкан эле. Ири маданий иш-чарада кыргыз маданияты даңазаланган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРПервая декада кыргызской литературы и искусства в Москве
Первая декада кыргызской литературы и искусства в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Илимпоздор манасчы, төкмө акын, дастанчылардын айтуусундагы элдик чыгармаларды кагаз бетине түшүрүү менен алектенип, кыргыз калемгерлеринин роман, повесть, поэма, ыр жыйнактары басмаканадан чыгып окурмандарга сунушталган.
Ал эми согуш жылдары фронтто кызмат өтөп, тылда иштегендерге маданият кызматкерлери дем берип, элдин духун көтөрүп айлап кыдырып концерт койгон. Ага бүт искусство өкүлдөрү тартылган. Улуу Ата Мекендик согуштан улам Россиянын аймагынан эвакуацияланган маданий жайлар, кызматкерлер да кыргыз искусствосунун деңгээлин жогорулатканга өз салымын кошкон.
Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоева ал учурду мындайча эскерет.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоева
Народная артистка Кыргызской ССР, балерина Рейна Чокоева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоева
"Борбор калаада бир эле театр бар болчу. Согуш маалында Ленинграддан бир үй-бүлө бул жакка көчүрүлүп келиптир. Анын аялы Ленинграддагы хореографиялык училищеде сабак берчү экен, биздин шаарда чакан студия ачат. Мен ал жакка эжемди ээрчип барчумун. Чынында андан башка деле алектене турчу эч нерсе жок эле. Үйгө келгенде кошуналарды чогултуп алып апамдын көйнөктөрүн кийип, артисттерди туурап концерт койчубуз. Ошентип жүрүп бий дүйнөсүнө аралаша баштагам. Согуш аяктаганда мугалимибиз мекенине кетти. Кийин Кыргызстанга кайра келип, бизди Россияда окутуу үчүн сурап кеткен. Анда Ленинград шаарына билим алганы 16 бала барганбыз. Бизди толугу менен мамлекет каржылап, кийинтип, курсагыбызды тойгузчу. Окуунун биринчи жылында маданият министри Абдыкаир Казакбаев Кыргызстандан бизге сары май, жаңгак, алма жиберчү. Почтага барып аны чанага салып келип он алтыбызга бөлүштүрчү. Ал жактан окууну бүтүп келип Опера жана балет театрында жумушка киргем. Ошол жылдары кыргыз театрынын жылдызы жанып, Күлүйпа Кондучалова министр болуп турган учур. Ал киши артисттерди гана эмес, жөнөкөй жумушчуларды дагы таанычу. Башка өлкөлөр менен маданий алакабыз жакшы болгондуктан алар бизге келип, биз аларга барып тажрыйба алмашып турчубуз. Ансыз театр, актёрлор дагы өспөйт эле", — деген Чокоева.
Согуш аяктап, жай турмуш орноп калган кезде маданиятка катуу көңүл бурулуп, музейлер ачылып, театрларда кыргыз калемгерлеринин чыгармалары сахналаштырылып калган. Кыргыздар башка союздук республикалардын театрларына да гастролдогон.
Кыргыз улуттук филармониясында узак жыл иштеген 82 жаштагы дирижёр, композитор Сардарбек Жумалиев союз маалында алыскы айылдарды түрө кыдырып концерт коюп план толтурганын айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук филармониясында узак жыл иштеген 82 жаштагы дирижёр, композитор Сардарбек Жумалиев
Народный артист КР, кавалер ордена Манас III и II ранга Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Кыргыз улуттук филармониясында узак жыл иштеген 82 жаштагы дирижёр, композитор Сардарбек Жумалиев
"Совет маалында план бар болчу. Ага ылайык бир кварталда 16-18 концерт беришибиз керек эле. Жарым ай программаны бекитип даярданып, 1,5 айга аймактарга гастролдоп кетчүбүз. Оркестр элди кыдырып, ар үч ай сайын облустарга барчубуз. Кечинде эл бизди козусун союп, дасторконун жайып тосуп алышчу. Эгер 30 киши барган болсок, ондон үч үйгө же бештен алты үйгө бөлүп кетишчү. Жайкысын эл көп чогулганда ачык асман алдында эле концерт берчүбүз. Кадимкидей эле план аткарчубуз, жогору жактагылар кышында Казакстандын Кенес-Анархай жайлоосундагы кыргыз чабандарга чейин жиберчү. Ал жерге барсаң беш чабан үй-бүлөсү менен мал багат. Ошол беш-алты түтүн үчүн ондогон артист атайын узак жол жүрүп барып, суукта тондорду кийип алып боз үйдүн ичинде концерт уюштурчубуз", — деди Жумалиев.

Мекенге кайтып "кыргыз кереметин" жараткандар

Кыргыз кадрларын даярдоо иштери кызуу жүргөн. Ташкенттеги Островский атындагы Театр жана көркөм өнөр институтунда театр ишмерлери, Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда композитор, дирижёр, музыкант, опера ырчылары, Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда кинорежиссёр, кинооператор, сценаристтер жогорку билимге ээ болуп Кыргызстанга кайтып келе баштаган.
Москвадан билим алган алгачкы кыргыз киночуларынын арасында режиссёр Лилия Турусбекова, Фатима Мамуралиева, Илике Кокеев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев болгон. Кийин алардын катарына Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Нуртай Борбиев кошулган.
60-70-жылдары ата мекендик кинематография болуп көрбөгөндөй өнүгүп, башка өлкөнүн режиссёрлору кыргыз киночулар менен иштешүүнү кыялданган учур болгон. Ал учур тарыхта "кыргыз керемети" деп аталып калды.
Ардактуу эс алуудагы кинорежиссёр Төлөгөн Сыдыков союз маалында кыргыз киночуларына башка республикалардан көп сунуштар түшкөнүн кеп кылат.
© Sputnik / Эмиль СадыровАрдактуу эс алуудагы кинорежиссёр Төлөгөн Сыдыков
Режиссер Тологон Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Ардактуу эс алуудагы кинорежиссёр Төлөгөн Сыдыков
"Ата мекендик кинематографиянын жаралуусунун башында турган Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров турат, төртөө тең кыргыздын этнографиясын, жомокторун, турмушун мыкты билчү. Ал эми белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев эки фильм тарткандан кийин аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) чакырышкан. Профессор наамын берип, оператордук курс өткөнгө устакана ачып беребиз дешкен. Бирок ал болбой койгон. Ушул сыяктуу сунуштар көп эле болгон. Кыргыздын киносу союз маалында мамлекетке бир топ киреше алып келди. Мисалы, "Буктурма", "Бөрү зындан", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кассалуу фильмдердин катарына кирген. Ал фильмдерди СССР чет мамлекеттерге алтынга сатчу же чет элдик прокаттагы кинокартиналарга алмашчу", — деди Сыдыков.
Мисалы, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы казактардын сунушу менен тарткан "Көк серек" кинокартинасы кийин СССРдин атынан Оскар сыйлыгына ат салышкан.
Ата мекендик кинематографисттердин жараткан эмгектеринин аркасында далай жаш актёр, актрисалардын жылдызы жанган. Кесипкөй оператор, сүрөтчү, үн режиссёр, үн оператор, монтажер, гриммер, продюсер, каскадёр, декоратор, сүрөтчү, фотографтар эмгектенген "Кыргызфильм" жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм тарткан. Ал эмгектердин аркасында Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморов, Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев, Талгат Нигматулин, Айтурган Темирова өңдүү таланттардын атагы алыска кеткен. Кыргыз актёр, актрисаларын коңшу республикалардагы режиссёрлор өз тасмаларына байма-бай чакырып турган.

Көптөр суктанган кыргыз ырчылары менен бийчилери

Эл башындагы жетекчилер маданият тармагы менен тыгыз байланышта болуп опера, балет, спектаклдердин премьерасына барып, искусство кызматкерлеринен кабар алып турган. Болот Миңжылкыев, Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова дүйнө кезип обон созсо, Уран Сарбагышев, Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева, Чолпонбек Базарбаев, Берик Алимбаев, Бактыбек Арунов кыргыз балетинин чолпон жылдыздарына айланган.
© Фото / из личного архива Рейны ЧокоевойКанададагы Самара Токтакунова, Рейна Чокоева. 50 жыл мурунку таберик сүрөт
Канададагы Самара Токтакунова, Рейна Чокоева. 50 жыл мурунку таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
КРдин эл артисти, атактуу балерина Айсулуу Токомбаева убагында европалыктар кыргыз ырчылары менен бийчилерине жумуш сунуштаганын сыймыктануу менен эстейт.
"Мен 1966-жылдан баштап сахнага чыга баштадым. Ал кезде Кыргызстанга СССРдеги мыкты композитор, балетмейстер, чыгармачыл топтор келип турчу. Бизди башка союздук республикаларга же чет өлкөгө тажрыйба алмашканга эки жылга жөнөтчү. Гастролго каякка барбайлы жакшы кабыл алышчу. Баарынан да италиялыктар күлүп-жайнап, кол чаап тосуп алган. Бир жолу Швейцарияга барганда Болот Миңжылкыев, Токтоналы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева ырдап, Чолпонбек экөөбүз бийлегенде театрдын директору "силерди азыр эле жумушка алганга даярмын" деп келген. Биз "мекенге кетебиз" деп жооп бергенбиз", — деди Токомбаева.
Союз маалында республикада Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Улуттук көркөм сүрөт академиясы, хореографиялык мектеп жана башка бир топ маданий жайлар өз ишин баштаган.
Советтик өкмөт искусство өкүлдөрүн турак жай, эмгеги сиңгендерге автоунаага чейин алып берип жакшы айлык төлөгөн. Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган чыгармачыл инсандар Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланып, мамлекеттик кызматтарды аркалаган.
Тема боюнча:
Окумуштуулар кадырланган заман. Кыргызстанда илим кантип өнүккөн?
Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0