Кытай: коопсуздукту алсыздардын эсебинен бекемдөө туура эмес

© AFP / PHILIPPE LOPEZКытайдын аскер кызматкерлери. Архив
Кытайдын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Чжан Юся ар бир мамлекеттин коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарын олуттуу кабыл алуу зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытай өз эркин башкаларга таңуулап же коопсуздугу корголбой калган бөлөк мамлекеттердин эсебинен бекемдөө туура эмес кадам деп эсептей турганын өлкөнүн Борбордук аскер кеңешинин төрагасы Чжан Юся Пекиндеги эл аралык форумда эскерткенин РИА Новости жазды.
"Кытай өлкөлөрдүн бири-биринин эгемендүүлүгү менен аймактын бүтүндүгүн урматтап, түпкү кызыкчылыктарын сыйлап, түйшөлткөн маселелерине урмат менен мамиле жасоо керек деген нерсеге ык коёт. Ар бир өлкөнүн эли өз алдынча тандап алган өнүгүү жолун жана социалдык системасын урматтоону жактайт", — деген форумда сүйлөгөн Чжан Юся.
Ал ар бир мамлекеттин коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарын олуттуу кабыл алуу зарылдыгын белгилеген.
"Башкаларга өзүнүн эркин таңуулап, өз кызыкчылыгын бөлөктөрдүкүнөн жогору койбош керек. Коопсуздугун корголбой калган бөлөк мамлекеттердин эсебинен бекемдөө болбойт, башка бирөөлөрдүн аялуу жерлерин билип алып чагымчылык кылуу туура эмес", — деп белгилеген.
Чжан Юся муну менен катар эле дүйнөдөгү кризисти ийиндеше туруп чечүү зарылдыгын айткан.
"Эл аралык коопсуздук деген бөлүп-жарып карай турчу нерсе эмес, көп сандаган каатчылыктар менен ийиндеше туруп күрөшүүбүз керек", — деген аскер кеңешинин төрагасы.
Ал бул жааттагы азыркы көйгөйлөр өз ара байланыштуу экендигин айтып, улуттар аралык мүнөзгө ээ болорун белгилеген. Согуштар, кандуу кагылышуулар мындай көрүнүштөрдүн таратуучусу экенин айткан.
Пекиндеги Эл үйү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Кытай: Тайванды бөлүп кетүүгө аракет кылгандар "энчисин" алат
Жаңылыктар түрмөгү
0