Кызыл-Кыяда кишини атып салды деген шектүү Тажикстандан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековШектүүнүн колуна кишен салуу. Архивдик сүрөт
Шектүүнүн колуна кишен салуу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Шектүү дүкөндөгү окуяга чейин шериктери менен дагы башка кылмыш жасаганы аныкталган.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кызыл-Кыяда дүкөндүн ичинен кишини атып, изин жашырган шектүүнүн башка кылмышы да аныкталып, Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи билдирди.
Эске салсак, 25-октябрда түнкү саат 02.15тер чамасында шаардагы ичимдик саткан дүкөндөрдүн биринде 27 жаштагы И.У. 32 жаштагы Л.Ш. атып салган. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилип, бирок алган жараатынан улам каза болуп калган.
Факты боюнча 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү менен каза болгон адам буга чейин бир нече ирет сот жообуна тартылган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.У. менен анын шериги А.А. Тажикстанга качып кеткени жана ошол эле түнү дүкөндөгү окуяга чейин дагы башка кылмыш жасашканы аныкталган.
"25-октябрда Ош милициясына Ош шаарынын 32 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 25-октябрга караган түнү саат 01:30дар чамасында өздөрүн "смотрящий" деп атаган сегиз киши (арасында издөөдө жүргөн И.У. дагы болгон) аны Кызыл-Кыя шаарына алып келип "бизге жасалма 20 миң доллар таап келесиң, болбосо машинаңды бизге бересиң" деп күч колдонуп, зомбулук көрсөтүшкөнүн айткан. Ошондой эле айдоочулук күбөлүгүн, 10 650 сомун, айдап жүргөн автоунаасын тартып алышкан", — деди милиция.
Маалыматта шектүүлөр эмне себептен так ушул адамдан жасалма акча талап кылышканы такталган эмес.
Аталган жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга карата тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баткен ОИИБдин жана Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн кримтөбөл эсептеп жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27 жаштагы Т.М. жана Б.М., 31 жаштагы Э.М. жана А.И., ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21 жаштагы А.А. аттуу тургуну жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы Э.И. аттуу жашоочусу аныкталган. Алар Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын А.А. аттуу шеригинин жүргөн жери аныкталып, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагына кирип кеткендиги маалым болгон.
Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов менен Согди ОИИБнин начальниги, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде И.У. жана А.А. Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Окуучу кызга зомбулук корсотуп жаткан киши. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Сокулукта колу байланып, оозуна чүпүрөк тыгылган абалда окуучу кыз табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0