Мамдума депутаты: жаштарды адаштыруу үчүн Улуу Жеңишти бурмалоо аракети жүрүүдө

© Sputnik / Аяна Байтемирова"Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсүнүн ачылышында Мамлекеттик думанын депутаты Елена Цунаева
Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту көргөзмөсүнүн ачылышында Мамлекеттик думанын депутаты Елена Цунаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Депутат маалыматты сөз жана эмоциялар менен гана эмес, архивдик документтер менен дагы жайылтуу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Тарыхты кайра карап чыгуу аракеттери өсүп келе жаткан муунду адаштыруу үчүн жасалууда. Бул тууралуу "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсүнүн ачылышында Мамлекеттик думанын депутаты Елена Цунаева билдирди.
Ал Кыргызстан менен Россиянын элдери СССРдин курамында нацизмге каршы чогуу күрөшкөнүн эске салды.
"Биздин бул тарыхты кайра кароо аракеттерине көңүлүбүз ооруйт. Согушта биздин ата-бабалар күрөшкөн. Алардын жеңишин төгүндөө аракеттери жүрүүдө. Буга байланыштуу аталарыбыз нацизмге каршы чыгып, жеңишке жеткенин дүйнө жүзүнө жеткирүү биз үчүн өтө маанилүү", — деди депутат.
Ал бул маалыматты сөз жана эмоциялар менен гана эмес, архивдик документтер менен дагы жайылтуу керектигин белгиледи.
"Көргөзмө тарых жана документтер жөнүндө. Биз Жеңишке жеткенибизди жана азыркы дүйнө ошол жеңиштин негизинде түзүлгөнүн айтуу менен гана чектелбестен, архивдик документтер менен далилдейбиз. Бул анык документтер, анда биз ойлоп тапкан бир дагы сөз жок", — деди Цунаева.
Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту көргөзмөсү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Бишкекте "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсү ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0