Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Шойгу Россиянын Украина менен диалогу туурасында айтты

© Sputnik / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүРФтин коргоо министри Сергей Шойгу
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Министр дүйнөдөгү тынчтык жана туруктуулукка жоопкерчилик баарынын мойнунда экенин эске салган.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Москва украиналык кризисти жаңжалдан кийин жөнгө салуу жана Батыш менен мындан аркы болгон алака боюнча сүйлөшүп, талкуулоого даяр тейде турат. Бул тууралуу РФтин коргоо министри Сергей Шойгу айтканын РИА Новости жазды.
Ал дүйшөмбүдө Пекинде коопсуздук боюнча өткөн Сяншань форумунда сүйлөгөн.
"Украиналык кризисти жаңжалдан кийин жөнгө салуу жана жалпысынан алганда Батыш менен андан аркы алака-катнашта болуунун параметрлери боюнча реалдуу шарттарда саясий талкууларга даярдыгыбызды камдап коёбуз", — деген Шойгу.
Ал дүйнөдөгү тынчтык жана туруктуулукка жоопкерчилик баарынын мойнунда экенин эске салган.
"Муну менен катар эле мойнуна дүйнөдөгү жалпы тынчтык менен стабилдүүлүктүн жоопкерчилиги артылган БУУнун туруктуу мүчөсү болгон өзөктүк куралдуу державалардын ортосундагы теңдештик мамилелерди камсыздоо мааниге ээ", — деп кошумчалаган ал.
Шойгунун айтымында, адилеттүү, көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти түптөш үчүн эл аралык кооптуулуктун тулкусун жаңылап, аны бекемдеш керек. Бул үчүн кызыкдар болгон бардык тараптардын аракетин, күчүн бириктирүү зарыл.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украина менен “сүйлөшүү” темасындагы кутумчулук тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0