1-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДарактын бутактарындагы жаан тамчылары
Дарактын бутактарындагы жаан тамчылары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
1-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +15...+20, Баткен жергесинде +14...+19, Ысык-Көл менен Нарында +8...+13 градус болот.
Түнкүсүн Бишкекте жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ошто +15...+17 градуска жетет.
Бишкектеги ыш каптаган көп кабаттуу үйлөр менен имараттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Эксперт: депрессия абанын булганышына байланыштуу да болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0